# Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2024-жылдын 2-июнундагы № 19/V "Кант жылуулук менен жабдуу" ишканасынын Ново-Покровка айылындагы № 6, № 7 жылуулук отканаларын жана тиешелүү баардык жабдууларын Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2024-жылдын 2-июнундагы № 19/V "Кант жылуулук менен жабдуу" ишканасынын Ново-Покровка айылындагы № 6, № 7 жылуулук отканаларын жана тиешелүү баардык жабдууларын Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 19/V
- Дата принятия: 02.06.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 02.06.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230010039>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-78034/edition/12080/ru>

> Текст приведён по редакции от 02.06.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2024-жылдын 2-июнундагы № 19/V "Кант жылуулук менен жабдуу" ишканасынын Ново-Покровка айылындагы № 6, № 7 жылуулук отканаларын жана тиешелүү баардык жабдууларын Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому (ред. от 02.06.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230010039

---

УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

2024-жылдын 2-июну № 19/V

«Кант жылуулук менен жабдуу» ишканасынын Ново-Покровка айылындагы № 6, № 7 жылуулук отканаларын жана тиешелүү баардык жабдууларын Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги № 89 “Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2024/2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө”№ 265 токтомун жана Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 31-майындагы № 2252 сандуу “Узун-Кыр айылдык кеңешине “Кант жылуулук менен жабдуу” ишканасынын балансындагы Ново-Покровка айылында жайгашкан №6, № 7 отканаларын жана тиешелүү баардык жабдууларын айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүү жөнүндөгү” сунушун ишке ашыруу максатында, Узун-Кыр айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Узун-Кыр айыл аймагындагы Ново-Покровка айылындагы №6, №7 отканаларын муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.

2. Аталган отканаларды муниципалдык менчикке мыйзам чегинде кабыл алуу жагы Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Алыбаевге милдеттендирилсин.

3. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынган №6 жана №7 отканалар, кайрадан «Кант жылуулук менен жабдуу» ишканасынын ыкчам башкаруусуна өткөрүлүп берилсин.

4. Ушул токтомго ылайык, 2028-жылга чейин №6 жана №7 отканаларга кызмат көрсөтүү жана жылуулук менен камсыздоо жагы “Кант жылуулук менен жабдуу” ишканасына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

Төрага

К.Б.Сманов
