Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Узун-Кыр айылдык кеңешинин «Кант жылуулук менен жабдуу» ишканасынын Ново-Покровка айылындагы № 6, № 7 жылуулук отканаларын жана тиешелүү баардык жабдууларын Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүү жөнүндө» токтому
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
2024-жылдын 2-июну № 19/V
«Кант жылуулук менен жабдуу» ишканасынын Ново-Покровка айылындагы № 6, № 7 жылуулук отканаларын жана тиешелүү баардык жабдууларын Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги № 89 “Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2024/2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө”№ 265 токтомун жана Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 31-майындагы № 2252 сандуу “Узун-Кыр айылдык кеңешине “Кант жылуулук менен жабдуу” ишканасынын балансындагы Ново-Покровка айылында жайгашкан №6, № 7 отканаларын жана тиешелүү баардык жабдууларын айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүү жөнүндөгү” сунушун ишке ашыруу максатында, Узун-Кыр айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Узун-Кыр айыл аймагындагы Ново-Покровка айылындагы №6, №7 отканаларын муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Аталган отканаларды муниципалдык менчикке мыйзам чегинде кабыл алуу жагы Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Алыбаевге милдеттендирилсин.
3. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынган №6 жана №7 отканалар, кайрадан «Кант жылуулук менен жабдуу» ишканасынын ыкчам башкаруусуна өткөрүлүп берилсин.
4. Ушул токтомго ылайык, 2028-жылга чейин №6 жана №7 отканаларга кызмат көрсөтүү жана жылуулук менен камсыздоо жагы “Кант жылуулук менен жабдуу” ишканасына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага
К.Б.Сманов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.