Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Боо-Терек айылдык кеңешинин «2021-жылдын май айынанан баштап Боо-Терек айылдык Кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттарынын чыгарган эки жылдык токтомдорунун аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысына баа берүү жөнүндө» токтому
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2023-жыл 22-августундагы № 12
2021-жылдын май айынанан баштап Боо-Терек айылдык Кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттарынын чыгарган эки жылдык токтомдорунун аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысына баа берүү жөнүндө Боо-Терекайылдык Кенешинин XXXII чакырылышындагыдепутаттарынын 2022-жылдын 31-майындагы XI сессиясынын № 3 токтому менен кабыл алынган регламентине ылайык, 5 күн мурун Боо-Терек айылдык Кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттарынын 2021-жылдын май айынанан баштап чыгарган эки жылдыктоктомдорунун көчүрмөлөрү депутаттарга кагаз түрүндө таркатылып берилген, материалдарды айылдык Кенешининдепутаттары үйлөрүнөн окуп, карап чыгып таанышып, талкуулап айылдык Кенештиндепутаттарынын XXVII сессиясы КР Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 10-пунктчасын, 39-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып жана КР мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө Мыйзамынын 14-беренесинин 1-пунктунун 1-пунктчасын эске алып ошондой эле КР ченемдик укуктук актылары жөнүндө Мыйзамынын 34-беренесинин 1-пунктунаткаруу максатында жана ошондой эле КР жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү Мыйзамынын 11,12,18,19,20,24-беренелеринин негизинде, мындан тышкарыайылдык Кеңештин депутаттарынын төрагасытарабынан аткарууга жөнөтүлгөн чыгыш каттарынын 80% айыл өкмөтүнүн администрациясы аткарбагандыгын негиздеп
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын май айынан баштап Боо-Терек айылдык Кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттарынын чыгарган эки жылдык токтомдорунун аткарылышынынжыйынтыгы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы аткарбагандыгы белгиленсин.
2. Кезектеги сессияда Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы У.Э.Буланбековдун ээлеген кызматына ишенбестик көрсөтүү жөнүндөгү маселеси күн тартибине киргизилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айылдык Кенешинин XXXII чакырылышындагы депутаттарына жүктөлсүн.
Төрага
Мамыралиев А.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 4
Связанные документы (4)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «О местной государственной администрации и органах местного самоуправления»Закон · 20.10.2021 · № 123
- Закон «О нормативных правовых актах Кыргызской Республики»Закон · 20.07.2009 · № 241
- Закон «О статусе депутатов местных кенешей»Закон · 13.01.2000 · № 3
- Закон «О государственной гражданской службе и муниципальной службе»Закон · 27.10.2021 · № 125