# Чалма айылдык кеңешинин 2024-жылдын 26-январындагы №23/2 "“Чалма” айыл өкмөтү мекемеси менен “Ылай-Талаа” айыл өкмөтү мекемесин кошуу жөнүндө" токтому.

- Полное наименование: Чалма айылдык кеңешинин 2024-жылдын 26-январындагы №23/2 "“Чалма” айыл өкмөтү мекемеси менен “Ылай-Талаа” айыл өкмөтү мекемесин кошуу жөнүндө" токтому.
- Вид акта: Постановление
- Номер: 23/2
- Дата принятия: 26.01.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 30.04.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009925>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-29612/edition/11958/ru>

> Текст приведён по редакции от 30.04.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Чалма айылдык кеңешинин 2024-жылдын 26-январындагы №23/2 "“Чалма” айыл өкмөтү мекемеси менен “Ылай-Талаа” айыл өкмөтү мекемесин кошуу жөнүндө" токтому. (ред. от 30.04.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009925

---

ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Чалма айылдык Кеңешинин кезектеги жыйырма үчүнчү сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы 2024-жылдын 26-январы № 23/2 “Чалма” айыл өкмөтү мекемеси менен “Ылай-Талаа” айыл өкмөтү мекемесин кошуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик- аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Чалма айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.“Чалма” айыл өкмөтү мекемеси жана “Ылай-Талаа” айыл өкмөтү мекемеси бириктирүү жолу менен “Ылай-Талаа айыл өкмөтү” болуп кайра түзүлүүгө уруксат берилсин.

2.Мекемелердин мүлкүн инвентаризациялоо жана өткөрүп берүү актысына кол коюу жагы Чалма айыл өкмөтүнүн башчысы З.Т.Оморовго жүктөлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдү өзүмө калтырамын.

Чалма айылдык Кеӊешинин төрагасы

А. Кадыркулов
