# Хан-Теңири айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин 28-чакырылышынын кезексиз 2 - сессиясынын 2024-жылдын 20-мартындагы №5 "Хан-Тенири айыл аймагынын айыл өкмөтүн мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Хан-Теңири айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин 28-чакырылышынын кезексиз 2 - сессиясынын 2024-жылдын 20-мартындагы №5 "Хан-Тенири айыл аймагынын айыл өкмөтүн мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 5
- Дата принятия: 20.03.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 20.03.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009560>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-29356/edition/11599/ru>

> Текст приведён по редакции от 20.03.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Хан-Теңири айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин 28-чакырылышынын кезексиз 2 - сессиясынын 2024-жылдын 20-мартындагы №5 "Хан-Тенири айыл аймагынын айыл өкмөтүн мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө" токтому (ред. от 20.03.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009560

---

Хан-Теңири айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши ТОКТОМ Хан-Теңири айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин 28-чакырылышынын кезексиз 2 - сессиясы

2024-жылдын 20-мартындагы №5

Хан-Тенири айыл аймагынын айыл өкмөтүн мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесинин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Хан-Теӊири жергиликтүү кенеши токтом кылат:

1. Төрт айыл өкмөтүнүн (Ак-Булуӊ айыл аймагынын айыл өкмөтү, Ак-Чий айыл аймагынын айыл өкмөтү, Боз-Учук айыл аймагынын айыл өкмөтү, Жыргалаӊ айыл аймагынын айыл өкмөтү) бириккендигине байланыштуу түзүлгөн “Хан-Теӊири айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

2. Айыл өкмөттүн уюштуруу-укуктук формасы – мекеме.

жергиликтүү толук фирмалык аталышы:

¾ Мамлекеттик тилде: “Хан-Теӊири айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси; ¾ Расмий тилде: Учреждение “айыл окмоту айылного аймакаХан-Тенири”;

Айыл өкмөттүн кыскартылган фирмалык аталышы:

¾ Мамлекеттик тилде: “ Хан-Теӊири айыл өкмөтү” м-и; ¾ Расмий тилде: У-е “айыл окмоту Хан-Тенири”;

3. Мекеменин жайгашкан жери (юридикалык дареги): Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Ак- Суу району, Ново-Вознесеновка айылы, Арык Мырза көчөсү, үй №61.

4. Хан-Теӊири айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жобосу жаӊы редакцияда бекитилсин.

5. Хан-Теӊири айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн уюштуруучусу болуп Хан-Теӊири айыл аймагынын жергиликтүү кенеши болот. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Ново-Вознесеновка айылы, Арык Мырза көчөсү, үй №61. Регистрациялык номери- 300492-3302-У-е, ОКПО: 32658923, ИНН:00603202410518.

6. Ак-Чий айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн, Ак-Булун айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн, Боз-Учук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн, Жыргалаӊ айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өткөрүп берүү актылары бекитилсин.

7. “Хан-Теӊири айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесин Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Н.Байсаловага милдеттендирилсин.

Мамлекеттик каттоо жөнүндө чечимде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтерди маалыматтардын анык экендиги ырасталат.

Төрага И.Алымжан уулу
