Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин XVIII-чакырылышынын III-кезектеги сессиясынын «Укук бузуу боюнча айыптарды салуу жѳнүндѳ» токтому
БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин XVIII-чакырылышынын III-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 28-майындагы № 23
Укук бузуу боюнча айыптарды салуу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жѳнүндѳ Кодексинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Барскоон айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Асанбаевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап, Барскоон жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жѳнүндѳ Кодексинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 Мыйзамынын негизинде:
- 115-беренесине ылайык, белгиленбеген жерлерге турмуш-тиричилик таштандыларын жана башка буюмдарды таштаган жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч 5500 (беш миң беш жүз) сом , юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч 17 000 (он жети миң) өлчөмүндө, өндүрүштүк, өнөр жай таштандыларын жана медициналык калдыктарды таштаган жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч 7500 (жети миң беш жүз) сом , юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч 23 000 (жыйырма үч миң) өлчөмүндө, таштандыларды, турмуш-тиричиликтик катуу, өндүрүштүк, өнөр жай калдыктарын жана башка предметтерди, ошондой эле жалбырактарды өрттөөгѳн жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч 7500 (жети миң беш жүз) , юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч 23 000 (жыйырма үч миң) өлчөмүндө айып пул салынсын.
- 118-беренесине ылайык, суу менен жабдуу, саркынды сууларды чыгаруу жана кудуктарын ачуу, суу менен жабдуу тутумунун кадимкидей иштешин бузууга алып келүүчү тээктерди жөнгө салуу, пломбаларын жулган жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч 5500 (беш миң беш жүз) сом , юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч 17000 өлчөмүндө айып пул салынсын.
-119-беренесине ылайык, бак-дарактарды суу менен жабдуунун адистештирилген уюмдарынын уруксатысыз суу менен жабдуу тутумундагы ичүүчү суу менен сугарууга эскертүүгө же жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч 1000 (бир миң) сом өлчөмүндө айып пул салынсын.
- 124-беренесине ылайык, калктуу конуштарда жаныбарларды багуу эрежелерин бузгандарга эскертүүгө же жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч 5500 (беш миң беш жүз) , юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч 17 000 (он жети миң) өлчөмүндө айып пул салынсын.
177-беренесине ылайык, жолду, көчөнү, темир жол өткөөлүн же башка жол курулмаларын же болбосо жол кыймылын уюштуруунун техникалык каражаттарын бузган жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч 5500 (беш миң беш жүз) сом , юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч 17 00 (он жети миң) сом өлчөмүндө, курулуш аянтчаларынан кеткен көчөнүн же жолдун өтүүчү бөлүгүн булгоонун алдын алууга карата чараларды көрбөө, жолдун өтүүчү бөлүгүндөгү оңдоо-курулуш иштеринин натыйжасында бузулган жолдун же көчөнүн элементтерин калыбына келтирүү эрежелерин бузуу жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч келтирген жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч 7500 (жети миң беш жүз) сом, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч 23 000 (жыйырма үч миң) сом өлчөмүндө айып пул салынсын.
179-беренесине ылайык, жол жээгиндеги тилкелерде тиешелүү органдар менен макулдашпастан, соода түйүндөрүн, тамактануу пункттарын, сервистерди же жарнама такталарын, паннолорду, афишаларды, транспаранттарды, көрнөктөрдү, плакаттарды, белгилерди, көрсөткүчтөрдү куруу же уюштурган жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч 3000 (үч миң) сом, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч 13 000 (он үч миң) сом өлчөмүндө, автомобиль жолуна бөлүнгөн тилкедеги участокту айдоо, тигилген бак-дарактарды кыюу же сындыруу, чымдарды же кыртышты оюп алуу, чоң жолго кошулуучу жолдорду өзү билемдик менен куруу же бөлүүчү тилкени бузуу, канализациялык, өнөр жайлык, мелиорациялык сууларды жана агынды сууларды суу бургуч курулмаларга жана резервдерге агызган жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч 5500 (беш миң беш жүз) сом, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч (он жети миң) сом өлчөмүндө айып пул салынсын.
238-беренесине ылайык, айдоолорду атайын же этиятсыздык менен тепсөө, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн талаадагы жыйналган түшүмүн жок кылуу же бузуу, көчөттөрдү зыянга учураткан жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч 20 000 (жыйырма миң) сом , юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч 65000 (алтымыш беш миң) сом өлчөмүндө айып пул салынсын.
239-беренесине ылайык, жер мунапысынын объекттерине туура келген жерлерди кошпогондо, жерлерди пайдалануу эрежелерин, анын ичинде жерлерди пайдалануунун жаратылышты коргоо режиминин талаптарын бузган жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч 3 000 (үч миң) сом, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч 13 000 (он үч миң) сом өлчөмүндө айып пул салынсын.
245-беренесине ылайык, жаратылыш ресурстарын пайдалануу лимиттеринен ашып кеткен жеке жактарга 175 эсептик көрсөткүч 17 500 (он жети миң беш жүз, юридикалык жактарга 550 эсептик көрсөткүч 55000 (элү беш миң) сом өлчөмүндө айып пул салынсын.
246-беренесине ылайык, суу ресурстарын сактоо эрежелерин бузган жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч 5500 (беш миң беш жүз) сом , юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч 17 000 ( он жети миң) өлчөмүндө айып пул салынсын.
247-беренесине ылайык, жер мунапысынын объекттерине туура келген жерлерди кошпогондо, суу коргоо зоналарында же суу фондунун жерлеринде чарбалык иштин режимин бузуу, суу фондунун жерлерин багыты боюнча пайдаланбоо - жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч 5500 (беш миң беш жүз) сом, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч 17 000 (он жети миң) сом өлчөмүндө айып пул салынсын.
248-беренесине ылайык, атайын суу пайдалануу же гидротехникалык жумуштарды жүргүзүү эрежелерин бузган жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч 5500 (беш миң беш жүз) сом, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч 17 000 (он жети миң) сом өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
249-беренесине ылайык, жер мунапысынын объекттерине туура келген жерлерден тышкары, калктуу конуштардын ичиндеги айыл чарба багытындагы жерлерди жана башка жерлерди сугат суу менен камсыз кылуу үчүн белгилүү ирригациялык тутумду пайдалануу жана күтүү эрежелерин бузган жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч 3000 (үч миң) сом , юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч 13000 (он үч миң) сом өлчөмүндө айып пул салынсын.
250-беренесине ылайык калктуу конуштардын ичиндеги айыл чарба багытындагы жерлерди жана башка жерлерди сугаруу үчүн белгиленген суу бөлүштүрүү эрежелерин жана суу пайдалануу эрежелерин бузган жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч 3000 (үч миң) сом, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч 13 000 (он үч миң) сом өлчөмүндө, суу пайдалануучунун калктуу конуштардын ичинде айыл чарба багытындагы жерлерди жана башка жерлерди сугаруу үчүн суу берүү кызматына өз убагында акы төлөө боюнча милдеттерди аткарбоосу жана/же акы төлөөдөн качкан жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч 5 500 (беш миң беш жүз) сом, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч 17 000 (он жети миң) сом өлчөмүндө айып пул салынсын.
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтына жайгаштырып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн иш кагаздарын алып баруу жагы жергиликтүү кеңешинин жооптуу катчысы Н.Шабданбаевга тапшырылсын.
2. Укук бузуу боюнча айыптарды салуу боюнчамыйзам чегинде иш алып баруу жагы Барскоон айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы А.Т.Асанбаевге жана айыл ѳкмѳтүнүн юристи М.Токтогоновго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиясынын тѳрагаларына милдеттендирилсин.
Төрага М.Ибаков
Жиберилди: жергиликтүү кеӊештин иш кагаздарына 1-нуска, юстицияга -2 нуска, а/ѳ -1 нуска, төрага – 1 нуска, баардыгы – 5 нуска
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Кодекс Кыргызской Республики о правонарушенияхКодекс · 28.10.2021 · № 128