# Базар-Коргон шаардык кеңешинин 2024-жылынын 20-майындагы №4 “Мамыр Баатырдын айкелинин курулушуна сарпталуучу акча каражат Жалал-Абад облусунун өнүктүрүү фондунан жана Мамыр Баатыр коому тарабынан каржылоо долбооруна макулдук берүү жөнүндө.” токтому

- Полное наименование: Базар-Коргон шаардык кеңешинин 2024-жылынын 20-майындагы №4 “Мамыр Баатырдын айкелинин курулушуна сарпталуучу акча каражат Жалал-Абад облусунун өнүктүрүү фондунан жана Мамыр Баатыр коому тарабынан каржылоо долбооруна макулдук берүү жөнүндө.” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 4
- Дата принятия: 20.05.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 20.05.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009372>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-29229/edition/11359/ru>

> Текст приведён по редакции от 20.05.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Базар-Коргон шаардык кеңешинин 2024-жылынын 20-майындагы №4 “Мамыр Баатырдын айкелинин курулушуна сарпталуучу акча каражат Жалал-Абад облусунун өнүктүрүү фондунан жана Мамыр Баатыр коому тарабынан каржылоо долбооруна макулдук берүү жөнүндө.” токтому (ред. от 20.05.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009372

---

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Базар-Коргон шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XXX сессиясынын

2024-жылынын 20- майы №4

“Мамыр Баатырдын айкелинин курулушуна сарпталуучу акча каражат Жалал-Абад облусунун өнүктүрүү фондунан жана Мамыр Баатыр коому тарабынан каржылоо долбооруна макулдук берүү жөнүндө.”

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы №157 жарлыгын, ”Улуттук нарк жөнүндө”, 2022-жылдын 30-августундагы “2022-жылдан 2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралу №303 жарлыктарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин, 45-беренесинин 1-пунктун аткарууга алып, 08.04.2024-жылдагы чыгыш №01-17/495 саны менен катталган Базар-Коргон шаар мэринин убактылуу милдетин аткаруучу Ш.М.Сагыновдун катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XXX-сессиясы токтом кылат:

1. Бишкек-Ош жолунун боюна орнотулуучу Мамыр Баатырдын айкелине сарпталуучу жалпы акча каражаты 5800,0 миң сомдун ичинен 3965,368 сом, Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунан, элдик салым 443414 сом Мамыр Баатыр коому тарабынан каржылоо долбооруна макулдук берилсин.

2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жүктөлсүн.

3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Нуркамиловго милдеттендирилсин.

Төрага:

К.К. Анарбеков
