Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Базар-Коргон шаардык кеңешинин “Мамыр Баатырдын айкелинин курулушуна сарпталуучу акча каражат Жалал-Абад облусунун өнүктүрүү фондунан жана Мамыр Баатыр коому тарабынан каржылоо долбооруна макулдук берүү жөнүндө.” токтому
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XXX сессиясынын
2024-жылынын 20- майы №4
“Мамыр Баатырдын айкелинин курулушуна сарпталуучу акча каражат Жалал-Абад облусунун өнүктүрүү фондунан жана Мамыр Баатыр коому тарабынан каржылоо долбооруна макулдук берүү жөнүндө.”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы №157 жарлыгын, ”Улуттук нарк жөнүндө”, 2022-жылдын 30-августундагы “2022-жылдан 2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралу №303 жарлыктарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин, 45-беренесинин 1-пунктун аткарууга алып, 08.04.2024-жылдагы чыгыш №01-17/495 саны менен катталган Базар-Коргон шаар мэринин убактылуу милдетин аткаруучу Ш.М.Сагыновдун катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XXX-сессиясы токтом кылат:
1. Бишкек-Ош жолунун боюна орнотулуучу Мамыр Баатырдын айкелине сарпталуучу жалпы акча каражаты 5800,0 миң сомдун ичинен 3965,368 сом, Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунан, элдик салым 443414 сом Мамыр Баатыр коому тарабынан каржылоо долбооруна макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Нуркамиловго милдеттендирилсин.
Төрага:
К.К. Анарбеков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Указ Президента КР от 20 мая 2022 года УП № 157 "О национальной традиции"Указ · 20.05.2022 · № 157