# Базара-Коргон шаардык кеңешинин 2024-жылынын 20-майындагы №3 “Базар-Коргон шаар мэриясынын Актайлак-Ата жана Бабур участкаларына кошумча штат бирдигин бекитип берүү жөнүндө ” токтому

- Полное наименование: Базара-Коргон шаардык кеңешинин 2024-жылынын 20-майындагы №3 “Базар-Коргон шаар мэриясынын Актайлак-Ата жана Бабур участкаларына кошумча штат бирдигин бекитип берүү жөнүндө ” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 3
- Дата принятия: 20.05.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 20.05.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009371>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-29228/edition/11358/ru>

> Текст приведён по редакции от 20.05.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Базара-Коргон шаардык кеңешинин 2024-жылынын 20-майындагы №3 “Базар-Коргон шаар мэриясынын Актайлак-Ата жана Бабур участкаларына кошумча штат бирдигин бекитип берүү жөнүндө ” токтому (ред. от 20.05.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009371

---

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Базар-Коргон шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XXX сессиясынын

2024-жылынын 20- майы №3

“Базар-Коргон шаар мэриясынын Актайлак-Ата жана Бабур участкаларына кошумча штат бирдигин бекитип берүү жөнүндө ”

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-34-65-беренелерин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 11-октябрындагы №197 “Жарандардын кайрылууларын ыкчам жооп кайтаруу жана калк менен өз ара байланышты жакшыртуу жөнүндө” тескемесин аткарууга алып, 28.03.2024-жылкы чыгыш №01-17/429 саны менен катталган Базар-Коргон шаарынын мэри Т.Осмоновдун катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XXХ -сессиясы токтом кылат:

1. Базар-Коргон шаар мэриясынын Актайлак-Ата жана Бабур участкаларына кошумча 2 штат бирдигин бекитип берүүгө макулдук берилсин.

2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жана мэриянын финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчиси Ж.Рахмоналиевге жүктөлсүн.

3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Нуркамиловго милдеттендирилсин.

Төрага:

К.К. Анарбеков
