# Базар-Коргон шаардык кеңешинин 2024-жылынын 20-майындагы №1 “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” ишканасынын Базар-Коргон шаарындагы филиалынын отканасын Базар-Коргон шаар мэриясынын балансына өткөрүп алуу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Базар-Коргон шаардык кеңешинин 2024-жылынын 20-майындагы №1 “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” ишканасынын Базар-Коргон шаарындагы филиалынын отканасын Базар-Коргон шаар мэриясынын балансына өткөрүп алуу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 1
- Дата принятия: 20.05.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 20.05.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009368>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-29226/edition/11354/ru>

> Текст приведён по редакции от 20.05.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Базар-Коргон шаардык кеңешинин 2024-жылынын 20-майындагы №1 “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” ишканасынын Базар-Коргон шаарындагы филиалынын отканасын Базар-Коргон шаар мэриясынын балансына өткөрүп алуу жөнүндө" токтому (ред. от 20.05.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009368

---

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Базар-Коргон шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XXX сессиясынын

2024-жылынын 20- майы №1

“Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” ишканасынын Базар-Коргон шаарындагы филиалынын отканасын Базар-Коргон шаар мэриясынын балансына өткөрүп алуу жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги №89 “Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө” жарлыгын, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесин, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-34-беренелерин аткарууга алып, Базар-Коргон райондук администрациясынын 25.04.2024-жылдагы №01-11/1350 сандуу жана 30.04.2024-жылдагы №01-17/659 саны менен катталган Базар-Коргон шаарынын мэри Т.О.Осмоновдун каттарына, Базар-Коргон шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XXХ -сессиясы токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги №89 “Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө” жарлыгын аткарууга алып, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесине ылайык “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” ишканасынын Базар-Коргон шаарындагы филиалынын отканасын жана Жалал-Абад шаардык жылуулук ишканасына оперативдүү башкарууга берилген 1400,0чарчы метр жер тилкесин Базар-Коргон шаар мэриясынын балансына өткөрүп алууга макулдук берилсин.

2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.О.Осмоновго жүктөлсүн.

3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин “Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Каимовго милдеттендирилсин.

Төрага:

К.К. Анарбеков
