Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Базар-Коргон шаардык кеңешинин “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” ишканасынын Базар-Коргон шаарындагы филиалынын отканасын Базар-Коргон шаар мэриясынын балансына өткөрүп алуу жөнүндө» токтому
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XXX сессиясынын
2024-жылынын 20- майы №1
“Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” ишканасынын Базар-Коргон шаарындагы филиалынын отканасын Базар-Коргон шаар мэриясынын балансына өткөрүп алуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги №89 “Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө” жарлыгын, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесин, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-34-беренелерин аткарууга алып, Базар-Коргон райондук администрациясынын 25.04.2024-жылдагы №01-11/1350 сандуу жана 30.04.2024-жылдагы №01-17/659 саны менен катталган Базар-Коргон шаарынын мэри Т.О.Осмоновдун каттарына, Базар-Коргон шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XXХ -сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги №89 “Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө” жарлыгын аткарууга алып, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесине ылайык “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” ишканасынын Базар-Коргон шаарындагы филиалынын отканасын жана Жалал-Абад шаардык жылуулук ишканасына оперативдүү башкарууга берилген 1400,0чарчы метр жер тилкесин Базар-Коргон шаар мэриясынын балансына өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.О.Осмоновго жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин “Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Каимовго милдеттендирилсин.
Төрага:
К.К. Анарбеков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.