# Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 30-январы № 9/12 "Айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелерди бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 30-январы № 9/12 "Айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелерди бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 9/12
- Дата принятия: 30.01.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 30.01.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009226>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-29144/edition/11168/ru>

> Текст приведён по редакции от 30.01.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 30-январы № 9/12 "Айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелерди бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 30.01.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009226

---

КөК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IXсессиясы 2023-жылдын 30-январы № 9/12

Айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелерди бекитүү жөнүндө “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгын айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо эрежелерин иштеп чыгуу жана бекитүү жагын ишке ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында методикалык жардам көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрдагы №258 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө” Жобонун 12-пунктун жетекчиликке алып, Көк-Жар айылдык Кеңеши токтом кыламын:

1. Көк-Жар айыл аймагынын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелердин жалпы жобосу бекитилсин.

2. Көк-Жар айыл аймагында бекитилген типтүү эрежеге ылайык иш алып барылсын.

3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Сабыржановго милдеттендирилсин.

Төрага:

А. Кадыракунов
