Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Мин-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламенттин өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
МИҢ-КУШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Депутаттардын VIΙI-чакырылышынын Мин-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин №1 – сессиясы
2023-жылдын 19-майы № 8-1-3 Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламенттин өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги №85-Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 4-апрелиндеги №87-Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы №177- Токтомун жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мин-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентти толуктоолор менен бекитилсин.
Төрага
Д. Абдралиев
Нарын облусунун Жумгал районунун
Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын “19” майында № 8-1-3 токтому менен бекитилген.
“Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесинин
РЕГЛАМЕНТИ
Миң-Куш айылы 2023-жыл.
Мазмуну.
“Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңеши”мекемесинин типтүү регламенти.
I Бөлүм. Жергиликтүү кеңештин ишинин негиздери
II Бөлүм
Жергиликтүү кеңештин ченем жаратуу иши. жергиликтүү кеңештин токтомдорун даярдоонун, киргизүүнүн, кароонун жана кабыл алуунун тартиби
III Бөлүм. Жергиликтүү кеңештин айрым ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартиби
IV Бөлүм. Жергиликтүү кеңештин аппараты/жооптуу катчысы
I БӨЛҮМ. ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТИН ИШИНИН НЕГИЗДЕРИ.
1-глава. Жалпы жоболор.
1.1 Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңеши (мындан ары – жергиликтүү кеңеш) - мыйзамдарда белгиленген тартипте жана санда жергиликтүү коомдоштук тарабынан 4 жылдык мөөнөткө шайланган депутаттардан турган, өзүнүн ишин коллегиялык негизде жүзөгө ашырган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы.
1.2. Сессиянын, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жыйындары, депутаттык жана бюджеттик угуулар, кеңештин иши менен байланышкан башка иш-чаралар жергиликтүү кеңештин ишинин формалары болуп эсептелинет.
1.3. Жергиликтүү кеңештин иши мыйзамдуулук, коллегиялдуулук, обьективдүүлүк, маселелерди талкуулоону жана чечимдерди кабыл алууну эркин жүргүзүү принциптерине негизделет.
1.4. Жергиликтүү кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каралган анын функцияларына жана ыйгарым укуктарына тийиштүү маселелерди өз алдынча чечет, өзү тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышына көзөмөл жүргүзөт жана аткарылышын камсыз кылат.
1.5. Жергиликтүү кеңештин Регламенти Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан каралган ыйгарым укуктарды жергиликтүү кеңеш тарабынан жүзөгө ашыруу тартибин жана жол-жобосун, анын ишин уюштурууну аныктайт.
1.6. Жергиликтүү кеңеш мөөрү, штампы жана символикалары бар бланктары, банктык мекемелерде эсептик счету, жеке мүлкү бар, өз милдеттери боюнча жооп бере алган юридикалык жак, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарын жана милдеттерин ишке ашыра алат, сотто жооп берүүчү жана дооматчы боло алат.
2-глава. Жергиликтүү кеңештин компетенциясына кирген маселелер.
2.1. Жергиликтүү кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде, ушул регламентте белгиленген тартипте алар боюнча маселелерди кароого жана чечим кабыл алууга укуктуу.
2.2. Жергиликтүү кеңештин сессиясында төмөнкүдөй маселелер чечилет:
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн тартибин белгилөө;
2) жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу;
3) аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү, программалардын аткарылышы жөнүндө отчетту угуу;
4) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;
5) муниципалдык менчикти пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү, муниципалдык менчикти пайдаланууга көзөмөлдү ишке ашыруу:
а) муниципалдык менчик обьектилеринин реестрин бекитүү;
б) муниципалдык менчиктин объектилерин менчиктештирүү программасын бекитүү;
в) муниципалдык менчик обьектилерин ипотекага же күрөөгө коюуга макулдук берүү;
г) муниципалдык менчик обьектилерин сатууга, объектилерди муниципалдык менчикке сатып алууга макулдук берүү;
д) муниципалдык менчикти эсептен чыгаруунун тартибин белгилөө.
6) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын иши жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын отчетун угуу;
7) тиешелүү мамлекеттик органдардын кароосуна киргизүү максатында административдик-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
8) кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кеңештин төрагасынын мыйзамдарга карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;
9) кеңештин регламентин кабыл алуу;
10) жергиликтүү кеңештин жылдык иш планын бекитүү;
11) жергиликтүү кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларын түзүү жана жоюу, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жеке курамын бекитүү жана алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү, отчетторун угуу;
12) өз чечимдеринин аткарылышына көзөмөлдүк кылуу;
13) муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен жабдууну пайдалануунун, ошондой эле мыйзамдарга ылайык турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуунун, ташып чыгаруунун жана жок кылуунун тарифтерин бекитүү;
14) алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуу убактысы жана жери боюнча чектөөлөрдү тыюу салууга чейин белгилөө;
15) расымдык иш-чараларды өткөрүү эрежелерин бекитүү;
16) ирригациялык тармактарды, үйдү жана үй жанындагы участкаларды күтүү тартибин белгилөө;
17) бюджетти, аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларын жана анын компетенциясына кирген башка маселелерди аткарбагандыгынан улам жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын ээлеген кызматына шайкештиги жөнүндө маселени кароо тууралуу сунуш киргизүү;
18) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысына ишенбестик билдирүү;
19) аймагында көрктөндүрүү, соода, сырткы жарнактарды жана маалыматтарды жайгаштыруу эрежелерин бекитүү;
20) башка жергиликтүү кеңештер менен кызматташуу жана тажрыйба алмашуу боюнча иштерди уюштуруу;
21) жергиликтүү коомдоштуктардын тарыхый жана маданий салттарын сактоо жана өнүктүрүү, маданияттын муниципалдык мекемелерин өнүктүрүү боюнча ишчаралардын планын бекитүү;
22) аймагында айлана-чөйрөнү коргоо жана санитардык тазалоону контролдоо, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча иш-чаралардын планын бекитүү;
23) келишимдин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкару органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилген учурда мамлекеттик органдар жана жергилктүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте келишимдин шарттарын бекитүү, ошондой эле келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана учурларда мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди токтотуу же токтото туруу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
24) жергиликтүү кеңештин депутаттарынын өз шайлоочуларына отчет берүүсү, шайлоочулардын суроо-талаптарын аткаруу жана шайлоочулар менен иштөө боюнча ишчаралардын ар жылдык планын бекитүү, депутаттардын отчетун угуу;
25) жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча жыйындарды, коомдук угууларды, курултайларды өткөрүү боюнча ар жылдык планын бекитүү;
26) жайыт жерлерин пайдалануу боюнча жамааттардын ар жылдык планын, жайыт жерлерин пайдалануу укугу үчүн акынын өлчөмүн бекитүү, алардын аткарылышы боюнча отчетторду угуу;
27) жергиликтүү коомдоштуктун Уставын бекитүү, анын жоболорунун аткарылышын көзөмөлдөө;
28) аймактын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн аныктоо жана аларды биргеликте чечүү максатында аткаруу органдары менен бирдикте активдүү жарандарды, демилгечи топторду, жамааттарды, коомдук бирикмелерди, жаштарды, бизнес коомдоштуктарын жана башка кызыкдар жактарды тартуу боюнча иштерди жүргүзүү;
29) кызмат көрсөтүүгө баа берүүнү жүргүзүүнүн усулун, жергиликтүү бюджеттин каржаттарынын, жергиликтүү коомдоштуктун, донордук уюмдардын салымдарынын эсебинен жүзөгө ашырылуучу жергиликтүү демилгелерди, долбоорлорду, программаларды бекитүү, ошондой эле кошмо мониторингдин жана баа берүүнүн топтору, анын курамы жөнүндө жобону бекитүү жана ошол топтордун сунуштарынын негизинде тийиштүү чараларды кабыл алуу;
30) өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча коомдук пикирди эсепке алуу үчүн коомдук угууларды өткөрүү, алардын жыйынтыгы боюнча көрүлүүчү чараларды аткарууну аткаруу органынын башчысына тапшыруу;
31) депутаттардын өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна көмөктөшүү үчүн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын коомдук башталыштагы коомдук жардамчыларын тартуунун тартибин бекитүү;
32) мыйзамдарга ылайык башка маселелерди чечүү.
3-глава. Жергиликтүү кеңештин төрагасы жана аны шайлоонун тартиби.
3.1. Жергиликтүү кеңештин төрагасы тиешелүү жергиликтүү кеңештин сессиясында кеңештин депутаттарынын ичинен жашыруун добуш менен жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.
3.2. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна шайлоо үчүн талапкерди көрсөтүү укугу төмөндөгүлөргө таандык:
- депутаттык фракцияга;
- саны 5 депутаттан кем эмес депутаттык топко.
Ар бир депутаттык фракция же депутаттардын тобу бир талапкерди көрсөтүүгө укугу бар.
3.3. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү алар талапкер кылып сунуштаган депутатты көрсөтүү жөнүндө төрагалык кылуучуга арыз берүү жолу аркылуу жүргүзүлөт.
3.4. Өзүн өзү көрсөтүү жана талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыздар төрагалык кылуучу тарабынан күбөлөндүрүлөт жана аларды жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизүү үчүн эсептөө комиссиясына берилет.
3.5. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкер депутаттардын алдында чыгып сүйлөйт, алардын суроолоруна жооп берет.
Чыгып сүйлөө үчүн ага 5 мүнөткө, суроолорго жооп берүү үчүн 10 мүнөткө, корутунду сөз сүйлөө үчүн 10 мүнөткө чейин сөз берилет.
3.6. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерди колдоп же ага каршы чыгып сүйлөөнү каалаган депутаттарга сөз сүйлөө үчүн 3 мүнөткө чейин убакыт берилет.
3.7. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкер добуш берүү жол-жоболору башталганга чейин өзүн өзү алып коё алат, бул тууралуу төрагалык кылуучуга добуш бергенге чейин өзүнүн талапкерлигин алып коюу жөнүндө арызын жөнөтөт. Өзүн өзү алып коюу добуш берүүсүз кабыл алынат.
3.8. Талкуулоо токтотулгандан кийин эсептөө комиссиясы жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерлердин фамилияларын жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизет.
3.9. Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна шайланды деп эсептелинет.
Эгерде:
- бир талапкер көрсөтүлүп, ал депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албаса, талапкерлерди жаңыдан көрсөтүү жүргүзүлөт;
- эки талапкер көрсөтүлүп жана алардын бири да депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албаса, добуштардын көпчүлүк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер тең депутаттардын добуштарынын тең санын алышса, талапкерлерди жаңыдан көрсөтүү жүргүзүлөт;
- эки талапкерден көп көрсөтүлүп жана алардын бири да депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албаса, добуштардын көпчүлүк санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын көп санын алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын тең санын алышса, добуштардын көпчүлүк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин экөөсү добуштардын тең көп санын алышса, ал эми кийинки талапкерлер добуштардын аз санын алышса, добуштардын көпчүлүк санын тең алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда бардык талапкерлер добуштардын тең санын алышса, талапкерлерди жаңыдан көрсөтүү жүргүзүлөт.
3.10. Талапкерлерди (же жаңы талапкерлерди) көрсөтүү менен кайрадан шайлоо жергиликтүү кеңештин эрки боюнча биринчи сессиянын күнүндө же башка күнү, бирок биринчи сессиянын күнүнөн баштап 5 календардык күндөн кеч эмес өткөрүлөт.
4-глава. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктары.
4.1. Жергиликтүү кеңештин төрагасы:
4.1.1. жергиликтүү кеңештин сессияларын чакырат жана алып барат;
4.1.2. жергиликтүү кеңештин иш планын бекитүү үчүн сессияга чыгарат;
4.1.3. жергиликтүү кеңештин сессияларын даярдоого жалпы жетекчилик жүргүзөт, маселелерди алдын ала кароо үчүн жана алар боюнча тийиштүү корутундуларды (чечимдерди) чыгарып жергиликтүү кеңештин сессиясына киргизүү үчүн туруктуу комиссияларга жөнөтөт;
4.1.4. жергиликтүү кеңештин сессиясынын кароосуна чыгарылган маселелердин даярдыгын контролдойт;
4.1.5. жергиликтүү кеңештин сессиясынын күн тартибин түзөт;
4.1.6. жергиликтүү кеңештин токтомдоруна кол коет жана алардын жарыяланышына жана аткарылышына контролдоону уюштурат;
4.1.7. жергиликтүү кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишин координациялайт;
4.1.8. катталган депутаттык топтордун ишине көмөктөшөт, алардын ишин координациялайт;
4.1.9. жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басарынын/орун басарларынын жана туруктуу (убактылуу) комиссияларынын төрагаларынын өз милдеттерин аткаруусун контролдойт;
4.1.10. депутаттарга өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга, жарандарды кабыл алуусуна, шайлоочулардын алдында отчет берүүсүнө көмөктөшөт, аларды маалыматтар менен камсыз кылат, депутаттардын укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашырууга байланышкан маселелерди карайт;
4.1.11. жергиликтүү кеңештин жана анын органдарынын ишинин ачык айкындыгын камсыз кылат;
4.1.12. мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана жарандар менен болгон мамиледе жергиликтүү кеңештин атынан чыгат;
4.1.13. жергиликтүү кеңештин жергиликтүү коомдоштуктар, аймактык коомдук өзүн өзү башкаруу органдары, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрү жана тиешелүү аймакта жайгашкан башка юридикалык жактар менен өз ара аракеттерин уюштурат;
4.1.14. жергиликтүү кеңештин, анын органдарынын абройун, депутаттардын арнамысын жана кадыр-баркын коргоо жана сактоо боюнча чараларды кабыл алат;
4.1.15. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу тууралуу сунуштайт;
4.1.16. ушул Регламентке жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык башка маселелерди чечет.
4.2. Жергиликтүү кеңештин төрагасы өзүнүн компетенциясынын чектеринде тескеме чыгарат. Төраганын тескемеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама каршы келген учурда, ал жергиликтүү кеңештин сессиясында депутаттар аркылуу жокко чыгарылышы мүмкүн.
5-глава. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары.
5.1. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары жергиликтүү кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнө төраганын альтернативалык түрдө берген сунушу боюнча жергиликтүү кеңештин сессиясында депутаттардын ичинен жашыруун добуш берүү аркылуу депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат.
Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары болот.
5.2. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна талапкерлерди шайлоо тартиби жана добуш берүүнүн башка жол-жоболук маселелери жергиликтүү кеңештин төрагасы үчүн белгиленген тартипте ишке ашырылат.
5.3. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары өз ишин коомдук башталышта аткарат.
Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары жергиликтүү кеңештин төрагасын алмаштырган учурда Мыйзамда каралган учурларда жергиликтүү кеңештин төрагасына төлөнүүчү компенсациянын суммасынан 50 пайыз өлчөмүндө компенсация алат.
5.4. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары:
5.4.1. жергиликтүү кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
5.4.2. жергиликтүү кеңештин төрагасы жок болгон учурда же ал өзүнүн иш-милдеттерин аткарууга мүмкүн болбой калган учурда жергиликтүү кеңештин төрагасынын иш-милдеттерин аткарат, ошондой эле жергиликтүү кеңештин төрагасынын тапшыруусу боюнча жергиликтүү кеңештин сессияларын алып барат;
5.4.3. жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссияларынын ишин уюштурат жана багыттайт, алардын өз ара аракеттерин координациялайт;
5.4.4. жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлгөн убактылуу комиссиялардын ишине жетекчиликти ишке ашырат же координациялайт;
5.4.5. аймакта (шаарда) жайгашкан жергиликтүү коомдоштуктар жана башка юридикалык жактар менен тыгыз байланышты жүргүзөт;
5.4.6. жергиликтүү кеңештин, анын комиссияларынын компетенциясына кирген маселелерге арналган иш-чараларга катышат;
5.4.7. жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагалары менен бирдикте жергиликтүү кеңеш кабыл алган чечимдердин, жергиликтүү коомдоштуктун
Уставынын аткарылышын контролдоону камсыз кылат;
5.4.8. ушул Регламентте жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген башка иш-милдеттерди аткарат.
6-глава. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу.
6.1. Жергиликтүү кеңештин төрагасы жана анын орун басары алардын жеке өтүнүчү боюнча, ошондой эле алар өздөрүнүн милдеттерин аткара албай калган шарттарга байланыштуу ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотот.
6.2. Өз каалоолору боюнча жергиликтүү кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселе алардын өздөрүнөн арыздар келип түшкөндө, ошондой эле депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин демилгеси боюнча каралат.
6.3. Өз каалоолору боюнча жергиликтүү кеңештин төрагасынын же анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом ачык добуш берүү (же депутаттардын каалоосу боюнча жашыруун добуш берүү) аркылуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
6.4. Өздөрүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда жергиликтүү кеңештин сессиясында жашыруун (же ачык) добуш берүү жолу менен жергиликтүү кеңештин төрагасы, төрагасынын орун басары ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн. Жергиликтүү кеңештин төрагасын, төраганын орун басарынын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу маселе жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча киргизилиши мүмкүн.
6.5. Жергиликтүү кеңештин төрагасын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечим жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиси добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелинет. Жергиликтүү кеңештин төрагасын мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча жашыруун (же ачык) добуш берүү ушул Регламентте белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
6.6. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басарын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечим, жергиликтүү кенештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгу добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелинет. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басарын мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча жашыруун (же ачык) добуш берүү ушул Регламентте белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
7-глава. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары.
7.1. Кеңештин карамагына кирген маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн, ошондой эле кеңештин чечимдерин жүзөгө ашырууга катышуу, аймагында жайгашкан мекемелердин жана уюмдардын ошол чечимдерди аткарышын контролдоо үчүн жергиликтүү кеңеш туруктуу комиссияларды түзөт.
7.2. Туруктуу комиссиялар жергиликтүү кеңештин түзүмдүк бөлүгү болуп саналат жана жергиликтүү кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнө жергиликтүү кеңештин токтому менен түзүлөт.
7.3. Туруктуу комиссиялардын тизмеси жана алардын сандык курамы жергиликтүү кеңешке шайланган депутаттардын сандык курамын эске алуу менен жергиликтүү кеңеш тарабынан белгиленет жана депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.
7.4. Ар бир туруктуу комиссиянын сандык курамы жергиликтүү кеңештин депутаттарынын санынан: 2 ден кем болбоого жана 5 тен көп болбоого тийиш.
7.5. Туруктуу комиссиянын мүчөлөрүн жергиликтүү кеңештин депутаттары шайлашат.
7.6. Жергиликтүү кеңештин депутаты бир гана туруктуу комиссиянын мүчөсү боло алат (Өзгөчө учурларда 11 депутат курамындагы жергиликтүү кеңештер депутаттардын эки туруктуу комиссияга мүчө болуу укугу жөнүндө чечимди кабыл алышы мүмкүн).
7.7. Туруктуу комисиялардын мүчөлөрү бирдей укукка ээ. Жергиликтүү кеңештин төрагасы жана анын орун басары туруктуу комиссиялардын курамына кире алышпайт.
7.8. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү өздөрүнүн курамынан алардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен комиссиянын төрагасын шайлашат. Туруктуу комиссиялардын төрагалары жергиликтүү кеңештин сессияларында бекитилет.
7.9. Комиссиянын төрагасы өзүнүн милдеттерин аткарбаган учурда комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрүнүн чечими боюнча жаңыдан шайланышы мүмкүн.
7.10. Туруктуу комиссиялар жергиликтүү кеңештин алдында жоопкер жана ага отчет берет. Кезектеги жыл аяктагандан кийин туруктуу комиссиялар өзүнүн иши жөнүндө жергиликтүү кеңешке отчет беришет.
7.11. Ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн аралыгында, зарылчылыкка жараша, жергиликтүү кеңеш жаңы туруктуу комиссияны түзүүгө, мурда түзүлгөндөрдү жоюуга жана кайра түзүүгө, алардын курамына өзгөртүү киргизүүгө укугу бар.
Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын орто курамын эске алуу менен жергиликтүү кеңеште төмөндөгү маселелер боюнча туруктуу комиссиялар түзүлүшү мүмкүн:
- регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча;
- жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча;
- бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча;
- мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча;
- жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча.
8-глава. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары.
8.1. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары өздөрүнүн компетенцияларынын чектеринде:
8.1.1. иш планына ылайык туруктуу комиссиялардын карамагына кирген маселелерди даярдоону жана алдын ала кароону ишке ашырат, тийиштүү корутунду же чечим менен аларды жергиликтүү кеңештин кароосуна киргизет;
8.1.2. кийинки жылга туруктуу комиссиянын иш планын иштеп чыгат;
8.1.3. жергиликтүү кеңештин кароосуна аймактын экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүүсүнө байланышкан маселелер боюнча сунуштарды жергиликтүү кеңештин сессиясынын кароосуна киргизет;
8.1.4. өзүнүн аймагынын экономикалык өнүгүүсүнүн планынын жана бюджетинин долбоорлорун, пландардын жана бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетторду алдын ала карайт, алар боюнча өзүнүн корутундусун даярдайт, керек болгондо аларды кеңешке сунуш кылат;
8.1.5. жергиликтүү кеңештин төрагасынын тапшырмасы боюнча жергиликтүү кеңештин кароосуна келип түшкөн жарандардын арыздарын, кайрылууларын жана даттанууларын карайт;
8.1.6. өз ишинин уюштуруу маселелерин чечет;
8.1.7. жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин, жергиликтүү коомдоштуктун Уставынын жоболорун аткаруу боюнча контролду жүзөгө ашырат;
8.1.8. каралып жаткан маселени башка комиссияга өткөрүп берүү тууралуу сунушту жергиликтүү кеңештин төрагасына киргизет;
8.1.9. башка комиссиялар карап жаткан маслелер боюнча пикирин билдирет;
8.1.10. ушул Регламентке жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык башка ыйгарым укуктарды аткарат.
8.2. Туруктуу комиссиялар төмөндөгүлөргө укуктуу:
8.2.1. өзүнүн ишине илимпоздорду, адистерди, практикалык кызматкерлерди жана башка адамдарды тартууга;
8.2.2. өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин жана адистерин, ошондой эле аткаруу органынын башчысын жана анын аппаратынын тийиштүү адистерин угууга;
8.2.3. өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын, аткаруу органынын аппаратынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүн, ошондой эле адистерди, көз карандысыз эксперттерди жана илипоздорду тартуу укугу менен жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ичинен убактылуу комиссияларды түзүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;
8.2.4. туруктуу комиссиянын кароосуна берилген маселени иликтөө үчүн маалыматтарды, материалдарды жана документтерди кызмат адамдарынан, аткаруу органдарынан, мамлекеттик органдардан, уюмдардан, ишканалардан жана мекемелерден, аймагында жайгашкан башка уюмдардан суратып алууга, алар суроо-талапта көрсөтүлгөн мөөнөттө же суроо-талап берилген күндөн бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен аларды туруктуу комиссияларга берүүгө милдеттүү;
8.2.5. өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча жергиликтүү кеңештин төрагасына жана аткаруу органынын башчысына каралып жаткан маселени кеңири талкуулоо жана коомдук пикирлерди эске алуу максатында коомдук угууларды өткөрүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;
8.2.6. башка туруктуу комиссиялар менен кошмо жыйын өткөрүүгө.
8.3. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары аймагында жайгашкан уюмдардын жана мекемелердин оперативдик-чарбалык жана финансылык-чарбалык иштерине кийлигишүүгө укугу жок.
9-глава. Жергиликтүү кеңештин кезексиз сессиясы.
9.1. Кечиктирилгис маселелерди чечүү үчүн жергиликтүү кеңештин төрагасы өзүнүн демилгеси же аткаруу органынын башчысынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин сунушу боюнча жергиликтүү кеңештин кезексиз сессиясын чакырууга укуктуу.
9.2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин, аткаруу органынын башчысынын же жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин, кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу боюнча сунушу кезексиз сессияда каралуучу маселелерди көрсөтүү жана аны чакыруунун зарылдыгынын кыскача негиздемеси менен жазуу жүзүндө жергиликтүү кеңештин төрагасына берилет.
9.3. Жергиликтүү кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу боюнча жергиликтүү кеңештин төрагасынын сунушу каралуучу маселелерди көрсөтүү жана аны чакыруунун зарылдыгынын негиздемеси менен маалымдама аркылуу жол-жоболоштурулат жана жергиликтүү кеңешти депутаттарына жөнөтүлөт.
9.4. Кезексиз сессия сунуш келип түшкөн күндөн тартып 5 календардык күндөн кеч эмес убакытта чакырылат.
9.5. Кезексиз сессиясын чакыруу жөнүндө жергиликтүү кеңештин депутаттарына маалымдоо кезексиз сессияны чакыруу тууралуу чечим кабыл алынган күндөн баштап 4 календардык күндүн ичинде жүргүзүлөт.
9.6. Жергиликтүү кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу боюнча жарыяда кезексиз сессияда каралуучу маселелер көрсөтүлүп, кезексиз сессия башталганга чейин 4 календардык күндөн кечиктирилбестен, аймактарда жалпы жашоочуларга жеткиликтүү жерлерде көрүнүктүү болуп илинет.
9.7. Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда жергиликтүү кеңештин төрагасы депутаттарды, чакырылуучу адамдарды жана жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүн маалымдоонун мөөнөтүн милдеттүү түрдө сактабастан эле кезексиз сессияны чакырууга укуктуу.
9.8. Кезексиз сессиянын күн тартиби жана зарыл каралуучу маселелердин материалдары депутаттарга жана чакырылган адамдарга кезексиз сессиянын 3 календарлык күнүнө чейин, калган бардык катышуучуларга кезексиз сессия өткөрүлөр алдында таркатылат.
9.9. Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда кезексиз сессиянын күн тартиби жана материалдары депутаттарга жана бардык чакырылгандарга жана катышуучуларга кезексиз сессия өткөрүлөр алдында таркатылат.
10-глава. Сессиянын күн тартиби.
10.1. Сессиянын күн тартибинин долбоору жергиликтүү кеңештин иш планынын, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын, депутаттардын, аткару органынын башчыларынын сунуштарынын негизинде жыйын өткөрүүгө чейин жергиликтүү кеңештин төрагасы тарабынан 10 күн мурда жана кеңештин кезексиз сессиясына чейин 5 күн мурда түзүлөт. Өзгөчө кырдаал жаралган учурларда кечиктирилгис түрдө түзүлөт.
10.2. Күн тартибинин долбоорунун маселелери алар туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында алдын ала каралгандан кийин жана алар жергиликтүү кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларынын төрагалары менен макулдашылгандан кийин төрага тарабынан киргизилет.
10.3. Өткөрүлүүчү убактысы жана жери көрсөтүлүү менен төрага тарабынан аныкталган сессиянын күн тартибинин долбоору, сессияда каралууга тийиш болгон токтомдордун долбоорлору жана башка документтер менен материалдар сессия башталганга чейин 3 календардык күндөн кеч эмес депутаттарга жана чакырылган адамдарга жөнөтүлөт. Күн тартибинин долбоору бир эле учурда маалымат тактайларына жайгаштырылат, ошондой эле жергиликтүү калктын таанышуусу үчүн аймактагы көрүнүктүү жерлерге илинет.
10.4. Эгерде жергиликтүү кеңештин депутаттары зарыл деп эсептешсе, сессиянын күн тартибинин долбоору жергиликтүү гезиттерде, телекөрсөтүүдө жана радиода жарыя кылынат.
10.5. Сессиянын күн тартибинин долбоору сессияда төрагалык кылуучу тарабынан негиз катары кабыл алуу үчүн добушка коюлат.
10.6. Сессияда негиз катары кабыл алынган күн тартибинин долбооруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизлиши мүмкүн.
10.7. Сессияда негиз катары кабыл алынган күн тартибинин долбоорун жаӊы маселе менен толуктоо тууралуу сунуш, эгерде сунуш кылынган маселе мурда жергиликтүү кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларында каралган болсо гана, катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен киргизилет.
10.8. Күн тартибинин долбооруна киргизилген маселелерди алып салуу же сессиянын күн тартибиндеги маселелерге өзгөртүү киргизүү (техникалык маанидеги) тууралуу сунуштар жергиликтүү кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларында каралбастан эле катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
10.9. Сессиянын күн тартибинин долбооруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу чечим кабыл алынгандан кийин төрага тарбынан сессиянын күн тартиби жалпысынан кабыл алуу үчүн добушка коюлат, сессиянын күн тартиби жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
10.10. Жергиликтүү кеңештин сессиясында кошумча материалдар жергиликтүү кеңештин төрагасынын кол коюусу болгондо гана таркатылат.
11-глава. Жергиликтүү кеңештин сессиясындагы депутаттын укугу жана милдети.
11.1. Жергиликтүү кеңештин депутаты төмөндөгүлөргө укуктуу:
11.1.1. жергиликтүү кеңештин органдарын шайлоого жана аларга шайланууга;
11.1.2. жергиликтүү кеңештин жана анын органдарынын кароосу үчүн маселелерди сунуш кылууга;
11.1.3. жергиликтүү кеңештин жана анын органдарынын жыйындарынын күн тартиби, талкуулануучу маселелерди кароонун ирети жана алардын маңызы боюнча сунуштарды жана сын-пикирлерди киргизүүгө;
11.1.4. токтомдордун долбоорлорун, жергиликтүү кеңеш же анын органдары кабыл алуучу документтерди жана аларга түзөтүүлөрдү кароо үчүн демилгелөөгө жана киргизүүгө;
11.1.5. жергиликтүү кеңеш түзүүчү туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жеке курамы жана жергиликтүү кеңеш тарабынан шайлануучу, дайындалуучу же бекитилүүчү кызмат адамдарынын талапкерлиги боюнча пикирин билдирүүгө;
11.1.6. жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлүүчү органга, алардын курамына кирген адамдарга, ошондой эле жергиликтүү кеңеш тарабынан шайлануучу, дайындалуучу же бекитилүүчү кызмат адамдарына ишеним көрсөтпөө жөнүндө маслени коюуга;
11.1.7. жарыш сөздөргө катышууга, суроо-талап менен кайрылууга, баяндамачыга сессияга төрагалык кылуучуга суроолорду берүүгө;
11.1.8. жергиликтүү кеңешке отчет берүүчү органдын же кызмат адамынын кеңештин сессиясында отчетун угуу, ошондой эле жергиликтүү кеңештин, аймагында жайгашкан башка органдардын жана кызмат адамдарынын компетенциясына кирген маслелелер боюнча маалыматтарын угуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
11.1.9. өзүнүн сунуштарын негиздөө менен жана добуш берүүнүн түрү боюнча чыгып сүйлөөгө, маалымат берүүгө;
11.1.10. жергиликтүү кеңештин сессиясында, анын органдарынын жыйындарында жергиликтүү кеңеш тарабынан белгиленген тартипте жарандардын же алардын бирикмелеринин кайрылууларынын, билдирүүлөрүнүн, петицияларынын текстерин, эгерде алар коомдук мааниге ээ болсо, жарыя кылууга;
11.1.11. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Регламентте ага берилген башка укуктардан пайдаланууга.
11.2. Жергиликтүү кеңештин депутаты төмөндөгүлөргө милдеттүү:
27.2.1. ар бир сессиянын алдында каттоодон өтүүгө жана сессиянын ишине катышууга;
11.2.2. регламентти, сессиянын күн тартибин жана сессияга төрагалык кылуучунун укук ченемдүү талаптарын сактоого;
11.2.3. колун көтөрүү аркылуу сөз сүйлөөнү суранууга;
11.2.4. сессияга төрагалык кылуучунун уруксаты менен гана чыгып сүйлөөгө;
11.2.5. жүрүм-турум этикасынын эрежелерин сактоого;
11.2.6. чыгып сүйлөгөндө катышып жаткандардын ар-намысына жана кадырбаркына акарат келтирген орой, мазактоочу сөздөрдү колдонбоого, мыйзамсыз аракеттерге чакырбоого, көзкөрүнөө жалган маалыматтарды пайдаланбоого, сессиянын катышуучуларына алардын чыгып сүйлөгөн сөздөрүнө баам бербөөгө, кимдир бирөөнүн дарегине карата негизсиз жалаа жабууга жол бербөөгө;
11.2.7. сессия учурунда төрагалык кылуучунун уруксаты менен чыгып кетүүгө.
11.3. Өзүнүн милдеттерин аткарбаган учурда депутат мыйзамдарга ылайык жооп берет.
11.4. Жергиликтүү кеңештин депутаты анын жеке кызыкчылыгына байланыштуу, башкача айтканда ал үчүн, анын жубайы, алардын ата-энелери, балдары, бир туугандары үчүн материалдык жактан пайдалуу маселелелер кеңештин сессияларында каралган учурда катышууга жана добуш берүүгө тийиш эмес.
11.5. Жергиликтүү кеңештин депутаттары жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси менен төмөндөгү маселелерди демилгелөөгө укуктуу:
11.5.1. өздөрүнүн милдеттерин аткарбаган же тийиштүү деңгээлде аткарбаган учурларда жергиликтүү кеңештин төрагасын, төраганын орун басарын мөөнөтүнөн мурда бошотууга;
11.5.2. жергиликтүү кеңештин сессиясын кезексиз тартипте чакырууга;
11.5.3. мурда кабыл алынган жергиликтүү коомдоштук уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө.
11.6. Жергиликтүү кеңештин сессиясында депутаттар тарабынан айтылган жана жазуу жүзүндө төрагалык кылуучуга берилген сын-пикирлер жана сунуштар жергиликтүү кеңеш тарабынан же анын тапшырмасы боюнча туруктуу (убактылуу) комиссиялар тарабынан каралат же тиийштүү мамлекеттик органдардын же кызмат адамдарынын кароосуна жөнөтүлөт, алар жергиликтүү кеңеш тарабынан башкача каралбаса, ошол сунуштарды жана сын-пикирлерди бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен кароого жана кароонун жыйынтыктары боюнча сунуш жана сын-пикир киргизген депутатка, ошондой эле жергиликтүү кеңештин төрагасына билдирүүгө милдетүү.
11.7. Сессияларда, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында депутаттарга жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышынын, депутаттардын сунуштарынын жана сын-пикирлеринин, шайлоочулардын сууроо-талаптарынын жүзөгө ашырылышын жүрүшү жөнүндө, ошондой эле жергиликтүү кеңештин жана анын органдарынын иштеринин башка маанилүү маселелери мазгил-мезгили менен маалымдалат.
12-глава
Депутаттын жана жергиликтүү кеңештин сессиясына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышып жаткан адамдардын тартиби жана этикасы.
12.1. Өз ишинде жергиликтүү кеңештин депутаты жалпыга таанылган моралдык нормаларын кармоого, өзүнүн наркын сактай билүүгө, башка депутаттардын, кызмат адамдарынын жана жарандардын ар-намысын жана кадыр-баркын ызаттоого, жергиликтүү кеңештин, шайлоочулардын жана жалпысынан мамлекеттин беделине шек келтирген аракеттерден, билдирүүлөрдөн жана жосундардан алыс болууга тийиш.
Депутаттык мандатты жеке кызыкчылыктары үчүн колдонууга жол бербөөсү керек.
12.2. Депутат төмөндөгүлөрдү жасоого тийиш эмес:
12.2.1. жергиликтүү кеңештин саясий максаттар үчүн жана жеке пайда табуу үчүн конфиденциалдуу маалыматтарды колдонууга;
12.2.2. жергиликтүү кеңештин жабык сессияларында, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында өзүнө белгилүү болгон маалыматтарды, ошондой эле шайлоочунун же башка адамдын жеке турмушуна тийиштүү маалыматтарды жарыя кылууга, анткени алар депутатка аларды жайылтпоо шартында ишенүү менен айтылат;
12.2.3. өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөздөрүндө чечим мыйзамдуу күчүнө кире элек жазык жана жарандык иштер боюнча фактылар жөнүндө айтууга;
12.2.4. жергиликтүү кеңештин мүлкүн жеке максаттары үчүн пайдаланууга;
12.2.5. депутаттык милдеттерин аткарууга байланыштуу жеке жана юридикалык жактардан белек, акча каражаты жана аракети жана аракетсиздиги үчүн кызмат түрүндө сый акыларды алууга.
12.3. Депутаттар, жергиликтүү кеңештин сессияларына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышып жаткан адамдар жүрүм-турумдун этикасынын эрежелерин сактоого милдеттүү, чыгып сүйлөгөндө орой, мазактаган сөздөрдү колдонууга, мыйзамсыз аракеттерге чакырууга, кимдир бирөөнүн дарегине негизсиз күнөө жабууга жол берүүгө, талкууланып жаткан темадан чыгып кетүүгө укугу жок.
12.4. Ушул жоболор бузуган учурда сессияга төрагалык кылуучу сүйлөп жатканга эскертүү берет, Регламенттин талаптарын кайталап бузуулар болгон учурда төрагалык кылуучу сыгып сүйлөөчүгө сөз бербөө жөнүндө маселени добушка коюуга укуктуу, талкууланган маселе боюнча ага кайталап сүйлөөгө сөз берилбейт.
12.5. Сессия учурунда депутаттар чыгып сүйлөөчүнүн жана катышуучулардын сөз сүйлөөсүнө жана угуп олтуруусуна жолтоо болгон аракеттерди (кыйкыруу, кол чабуу, тура калуу, комментарийлерди берүү ж.б.у.с.) жасоого тийиш эмес.
12.6. Сессияга чакырылган жана катышып жаткан адамдар жергиликтүү кеңештин, анын органдарынын ишине сессиянын, жыйындын төрагалык кылуучунун уруксатысыз кийлигише албайт (сөз сүйлөө, билдирүү жасоо, өз пикирин билдирүү, комментарий жасоо).
12.7. Сессия учурунда залда катышып олтургандардын баары, депутаттарды кошуп алганда, түйүндүк байланыш аппараттарын өчүрүп коюуга (же үн чыкпас режимге коюуга) милдетүү.
12.8. Эгерде депутат ушул Регламенттин талаптарын бузса, сессияга, жыйынга төрагалык кылуучу анын жеке өзүн эскертет жана тартипке чакырат.
12.9. Жергиликтүү кеңештин сессиясына төрт жолу катары менен жүйөлүү себептерсиз катышпаган, ошондой эле туруктуу (убактылуу) комиссиялардын иштерине, жергиликтүү кеңештин иш-чараларына туруктуу катышпаган, шайлоочулардын алдында отчет беришпеген депутаттар жөнүндө маалыматтар жергиликтүү кеңештин сессияларында жарыя кылынат жана тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн этика жана мандат боюнча туруктуу комиссияга берилет.
II БӨЛҮМ. ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТИН ЧЕНЕМ ЖАРАТУУ ИШИ. ЖЕРГИЛИКТҮҮ
КЕҢЕШТИН ТОКТОМДОРУН ДАЯРДООНУН, КИРГИЗҮҮНҮН, КАРООНУН ЖАНА
КАБЫЛ АЛУУНУН ТАРТИБИ.
13-глава. Жергиликтүү кеңештин сессияларында маселелерди кароонун тартиби.
13.1. Жергиликтүү кеңештин сессияларында күн тартибине киргизилген жана сессиянын ишинин башталышында жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан бекитилген маселелер каралат.
13.2. Күн тартибине киргизилген маселелер боюнча маселенин демилгечиси же маселени алдын ала кароо тапшырылган туруктуу (убактылуу) комиссиянын төрагасы баяндама менен чыгып сүйлөйт, эгерде органдын же кызмат адамынын отчету болсо отчет берүүчү адам, эгерде уюмдун, мекеменин, ишкананын, бирикменин иши жөнөндө маалымат болсо, анда анын жетекчиси (мындан ары-баяндамачы) чыгып сүйлөйт, баяндамачы жок болуп калган учурда анын эмне үчүн жок болгондугун аныктоо менен маселе кийинки сессияга жылдырылат.
13.3. Жергиликтүү кеңештин депутаты, сессияга катышкан адамдар каралып жаткан маселе боюнча баяндамачыга суроо берүүгө, каралып жаткан маселе боюнча токтомдун долбооруна жазуу жана оозеки түрүндө сын-пикирлерин жана сунуштарын (өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду) берүүгө укуктуу.
13.4. Маселени жана токтомдун долбоорун караган учурда туруктуу (убактылуу) комиссиялардын корутундулары, ошондой эле депутаттардын жазуу жана оозеки түрүндө сын-пикирлери жана сунуштары (өзгөртүүлөр жана толуктоолор) угулат, алар талкууланып добуш берүүгө коюлат.
13.5. Талкуу (жарыш сөз) бүткөндөн кийин баяндамачы корутунду сөз сүйлөөгө укуктуу. Андан ары депутаттар добуш берүүнүн түрү (ачык, жашыруун) боюнча сунуш берүүгө укуктуу.
13.6. Талкууланып жаткан маселе боюнча токтомдун долбоорунун текстине депутаттардан сунуштар (өзгөртүүлөр жана толуктоолор) келип түшсө, төрагалык кылуучу депутаттардын бардык сунуштарын (өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду) түшкөн ирети боюнча добушка коет. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгү добуш берген депутаттын сунушу кабыл алынды деп эсептелинет жана токтомдун долбоорунун текстине кошулат. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албаган сунуш четке кагылды деп эсептелинет.
13.7. Токтомдун долбоору добуш берүү аркылуу киргизилген сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен жалпысынан добушка коюлат. Эгерде токтомдун долбоору жалпысынан кабыл алынбаса, ал четке кагылды деп эсептелинет. Четке кагылган токтомдун долбоору жергиликтүү кеңештин кезектеги сессиясында каралышы мүмкүн.
13.8. Жергиликтүү кеңештин депутаттары талкуулоонун жыйынтыктары боюнча, эгерде берилген суроолор боюнча баяндамачынын жоопторуна канаатанышбаса, же каралып жаткан маселени баяндамачы жетишерлик эмес иликтесе, же мыйзамдардын нормаларына карама каршы келсе, депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алып, жергиликтүү кеңештин кийики сессиясына киргизүү укугу менен маселени жеткире иштеп чыгууга жөнөтүү тууралуу депутаттардын жалпы санын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алууга укутуу.
13.9. Талкуулоонун жүрүшүндө баяндамачы каралып жаткан маселени кийинки сессияга жылдыруу тууралуу билдирүү менен төрагалык кылуучуга расмий түрдө жазуу же оозеки түрүндө кайрылууга укуктуу. Мындай учурда талкуулоо токтотулат, каралып жаткан маселе кийинки сессияда каралууга жатат.
13.10. Төрагалык кылуучунун, туруктуу (убактылуу) комиссиянын төрагасынын же депутаттардын үчтөн биринин кем эмесинин сунушу боюнча жергиликтүү кеңеш кыскартылган жол-жобо боюнча маселелерди кароо жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
Кыскартылган жол-жобого төмөндөгүлөр кирет:
13.10.1. негизги баяндамачынын баяндамасы;
13.10.2. ар бир дептутаттан эки суроо жана аларга жооптор;
13.10.3. 5 мүнөттөн ашык эмес жарыш сөз (талкуу);
13.10.4. баяндамачынын корутунду сөзү;
13.10.5. токтомдун долбоорунун текстине келип түшкөн депутаттардын сунуштары боюнча добуш берүү;
13.10.6. токтомду жалпысынан кабыл алуу боюнча добуш берүү.
14-глава. Чыгып сүйлөөлөрдүн түрү жана алардын узактыгы.
14.1. Сессияларда төмөндөгүдөй чыгып сүйлөөлөрдүн түрү жана алардын убактысынын узактыгы каралат:
14.1.1. баяндама - 10 мүнөткө чейин;
14.1.2. баяндамаларды жарыш сөздөрдө талкуулоо үчүн - 5 мүнөткө чейин;
14.1.3. күн тартибин талкуулоо үчүн – 2 мүнөткө чейин;
14.1.4. талкууланып жаткан маселе боюнча корутунду сөз үчүн - 2 мүнөткө чейин;
14.1.5. шайлануучу кызматка талапкердин чыгып сүйлөөсү үчүн - 5 мүнөткө чейин;
14.1.6. талкууланып жаткан талапкер боюнча жарыш сөзгө чыгып сүйлөө үчүн -3 мүнөткө чейин;
14.1.7. добуш берүүнүн жүйөсү боюнча чыгып сүйлөө үчүн - 1 мүнөткө чейин;
14.1.8. жыйынды алып баруунун тартиби боюнча чыгып сүйлөө үчүн - 1 мүнөткө чейин;
14.1.9. сунуштар, маалыматтар, билдирүүлөр, кайрылуулар үчүн - 2 мүнөткө чейин;
14.1.10. кайталап сөз сүйлөө үчүн - 2 мүнөткө чейин;
14.2. Катышып олтурган депутаттардын макулдугу менен төрагалык кылуучу чыгып сүйлөөлөрдүн убактысын 3 мүнөткө чейин узартууга укугу бар.
14.3. Бир эле маселе боюнча бир депутаттын экиден ашык сөз сүйлөөсүн жол берилбейт.
14.4. Шайлануучу кызматка талапкердин баяндамасы, чыгып сүйлөөсү трибунадан жүргүзүлөт, калган чыгып сүйлөөлөр – трибунадан же олтурган ордунан жүргүзүлөт.
14.5. Депутат жыйында төрагалык кылуучу тарабынан өзүнө сөз берилгенден кийин гана сөз сүйлөйт.
14.6. Сөз берүү жөнүндө сунуш төрагалык кылуучуга жазуу түрү сыяктуу эле, оозеки түрүндө да берилет.
14.7. Аткаруу органынын башчысы, райондун акими жана анын орун басарлары каралып жаткан маселе боюнча сөз сүйлөө үчүн кезексиз түрдө сөз алууга укуктуу.
14.8. Сессияны алып баруунун тартиби, добуш берүүнүн түрү, маалымат, түшүнүк берүү боюнча сөз сессияга төрагалык кылуучу тарабынан берилиши мүмкүн, анын узактыгы 2 мүнөттөн ашпайт.
14.9. Депутаттардын билдирүүлөрү жана кайрылуулары күн тартибинин «Ар канадай маселелеринде» каралат. Жергиликтүү кеңештин сессиясынын же төрагалык кылуучунун чечими боюнча «Ар канадай маселелерге» 10 мүнөт убакыт берилиши мүмкүн.
14.10. Күн тартибинин кезектеги маселесин кароого өтүү же бүтпөй калган мурдагы маселелердин бирине кайрылып келүү, ошондой эле маселелерди кароонун иретин өзгөртүү сессияга төрагалык кылуучу тарабынан жүргүзүлөт.
14.11. Сессияга төрагалык кылуучу тарабынан сессиянын ишине 20 мүнөткө чейинки кезексиз тыныгуу (добуш берилбей туруп) жарыяланышы мүмкүн.
14.12. Баш аламандык пайда болгондо жана аны токтотууга мүмкүн болбой калганда төрагалык кылуучу 40 мүнөткө чейин тыныгуу жарыялоого укуктуу. Эгерде сессия өз ишин кайрадан баштаганда баш аламандык улана берсе, төрагалык кылуучу сессияны жабык деп жарыялоого жана/же аны белгилүү убакка же күнгө которууга укуктуу.
(Чыгып сүйлөөлөрдүн жана тыныгуулардын убактысы ар бир жергиликтүү кеңештин депутаттарынын өз каалоолору боюнча аныктала тургандыгын белгилөө зарыл).
15-глава. Чечим кабыл алуу үчүн кворум.
15.1. Жергиликтүү кеңештин чечимдери төмөндөгүдөй кабыл алынат:
15.1.1. жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добуштары менен;
15.1.2. жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добуштары менен;
15.1.3. жергиликтүү кеңештин депутаттарынын сессияга катышкан санынын көпчүлүк добуштары менен.
15.2. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добуштары менен төмөндөгү маселелер боюнча чечимдер кабыл алынат:
15.2.1. жергиликтүү кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо;
15.2.2. жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басарын ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу;
15.2.3. жергиликтүү коомдоштуктун уставын бекитүү.
15.3. Депутаттардын жалпы санынын үчтөн эки добуштары менен төмөндөгү маселелер боюнча чечимдер кабыл алынат:
15.3.1. жергиликтүү кеңештин төрагасын ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу;
15.3.2. жергиликтүү кеңештин дептутаттарынын демилгеси боюнча жергиликтүү кеңешти мөөнөтүнөн мурда таркатуу;
15.3.3. мурда кабыл алынган жергиликтүү коомдоштуктун уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү.
15.4. Депутаттардын сессияга катышкан санынын көпчүлүк добуштары менен жолжобо маселелери боюнча чечимдер кабыл алынат.
16-глава. Кабыл алынган токтомдордун күчүнө киришинин тартиби.
16.1. Жергиликтүү кеңештин катчысы (айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы) баяндамачы менен бирдикте жергиликтүү кеңеш чечим кабыл алган маселе боюнча кабыл алынган токтомду ал кабыл алынган күндөн баштап 5 жумушчу күндүн аралыгында жолжоболоштурат.
16.2. Жергиликтүү кеңештин төрагасы жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган токтомдун долбоорун четке кагууга укугу жок жана ага кабыл алынган күндөн баштап 5 жумушчу күндүн аралыгында кол коёт.
16.3. Документти жол-жоболоштурган учурда грамматикалык мүнөздөгү түзөтүүлөрдү кошпогондо, ага оңдоо киргизүүгө жол берилбейт. Сессияда кабыл алынган жергиликтүү кеңештин токтомунун мазмундук бөлүгүнө оңдоо киргизген адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык документти бурмалагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылат.
16.4. Жергиликтүү кеңештин токтому күчүнө кириши үчүн расмий жарыяланууга тийиш:
16.4.1. тиешелүү аймакта кеңири жайылтылган басылмалардын ичинен жергиликтүү кеңеш өзү аныктаган тийиштүү басма сөз басылмасында;
16.4.2. жергиликтүү кеңештин расмий веб-сайтында;
16.5. Токтомду расмий жарыялоо мамлекеттик жана/же расмий тилдерде жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик жана (же) аскердик жашыруун сырды камтыган токтомдорду кошпогондо, толук эмес баяндамадагы токтомдорду жарыялоого жол берилбейт.
16.6. Ченемдик укуктук актынын расмий жарыяланышынын датасы ошол акт жарык көргөн басылма жарыкка чыккан күн эсептелинет.
16.7. Эгерде токтомдун өзүндө башкача каралбаса, токтом расмий жарыяланган күндөн баштап он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Ишкердик ишти жөнгө салган токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн эрте эмес күчүнө кирет.
16.8. Жергиликтүү кеңештин токтомдорун каттоону төмөнкү реквизиттерди көрсөтүү менен жергиликтүү кеңештин токтомдорун каттоо жөнүндө журналга жазып түшүрүү аркылуу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы ишке ашырат:
16.8.1. актынын түрүн көрсөтүү;
16.8.2. ошол ченемдик укуктук актыны жөнгө салуу предметин билдирген аталыш;
16.8.3. кабыл алынган жери жана датасы;
16.8.4. каттоо номери.
16.9. Расмий жарыяланган күнү жергиликтүү кеңештин токтомунун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин тийиштүү аймактык бөлүмүнө эки нускада, мамлекеттик жана/же расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түшүрмөлөрдө жарыяланган булагын көрсөтүү менен ченемдик укуктук актыларын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлөт.
16.10. Жергиликтүү кеңештин токтомунун көчүрмөсү кабыл алынган чечимдер жөнүндө коомчулукту кеңири маалымдоону камсыз кылуу үчүн тиешелүү аймактын маалымат илинүүчү тактайларына милдеттүү түрдө жайгаштырылат.
III БӨЛҮМ. ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТИН АЙРЫМ ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫН
ИШКЕ АШЫРУУНУН ТАРТИБИ.
17-глава. Жергиликтүү бюджетти киргизүүнүн жана бекитүүнүн тартиби.
17.1. Бюджеттик процесстин ачыктыгын жана айкындаган, жергиликтүү бюджетти түзүүгө жарандардын катышуусун жана жергиликтүү бюджетти аткаруунун натыйжалары тууралуу отчетту кароону камсыз кылуу максатында жергиликтүү кеңештин төрагасы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы бюджеттин долбоорун ошондой эле жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча очетту бюджет боюнча жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиясынын кароосуна киргизгенге чейин бюджет боюнча коомдук угууларды демилгелөөгө жана аны уюштурууну жана өткөрүүнү аткаруу органынын башчысына тапшырууга укуктуу.
17.2. Бюджет боюнча коомдук угуулардын натыйжалары жергиликтүү бюджеттин долбоорун жана анын аткарылышынын отчетун караган жана бекиткен учурда бюджет боюнча туруктуу комиссиялардын мүчөлөрүнө, жергиликтүү кеңештин депутаттарына маалымат булагы катары кызмат кылат.
17.3. Жергиликтүү кеңештин төрагасы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы аткаруу органынын, мамлекеттик салык кызматынан жана юридикалык жактардан жергиликтүү бюджеттин долбоорун өз учурунда жана сапаттуу түзүү үчүн керектүү болгон бардык маалыматтарды суратып алууга жана өзүнүн жыйындарында ошол органдардын жетекчилерин, коомдук угуулардын активдүү катышуучуларын, демилгечи топторду, коомдук бирикмелерди жана башка кызыкдар адамдарды чакырууга жана угууга укуктуу.
17.4. Жергилиликтүү бюджеттин долбоорун түзүү үчүн зарыл маалыматтар Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.
17.5. Бюджет боюнча туруктуу комиссия бюджеттин долбоорун алдын ала кароону жүргүзөт жана аткаруу органынын отчетун угат, коомдук угуулардын катышуучуларынан жана башка кызыкдар жактардан түшкөн сунуштарды эске алуу менен жергиликтүү кеңештин сессиясына бюджеттин долбоору боюнча корутундусун берет.
17.6. Жергиликтүү кеңештин сессиясында жергиликтүү коомдоштуктун жана башка кызыкдар жактардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жергиликтүү бюджеттин такталган долбоору ачык-айкын каралат, ошондой эле коомдук угуулардын натыйжалары боюнча бюджеттин аткарылышы тууралуу аткаруу органынын отчету каралат.
17.7. Тийиштүү жылга жергиликтүү бюджетти бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышы тууралуу жергиликтүү кеңештин токтому жергиликтүү ЖМК гезити аркылуу жалпыга жайылтууга жатат жана документтердин көчүрмөсү маалымат тактайларына жайгаштырылат.
VIII БӨЛҮМ. ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТИН АПАРАТЫ/ЖООПТУУ КАТЧЫСЫ.
18-глава. Жергиликтүү кеңештин аппарат жетекчиси/жооптуу катчысы.
18.1. Жергиликтүү кеңештин ишин уюштуруучулук жактан шаардык кеңештин аппарат жетекчиси, жергиликтүү кеңештин (штат болбосо айыл өкмөтүнүн) жооптуу катчысы камсыз кылат.
18.2. Аппараттын жетекчиси / Жооптуу катчы жергиликтүү кеңештин ишин уюштуруу жагынан камсыз кылуу боюнча иштерди координациялайт, туруктуу (убактылуу) комиссияларга жана жергиликтүү кеңештин депутаттарына жардам көрсөтөт. Жергиликтүү кеңештин сессияларын уюштуруу жана өткөрүү үчүн керектүү материалдарды даярдоону камсыз кылат.
18.3. Аппараттын жетекчиси/Жоопту катчы жергиликтүү кеңештин жана анын органдарынын ишин камсыз кылуу боюнча төмөндөгүлөргө милдеттүү:
56.3.1. жергиликтүү кеңештин токтомдорун каттоону жүргүзөт (каттоо журналында);
18.3.2. жергиликтүү кеңешке келип түшкөн каттарды кабыл алат жана каттайт, жергиликтүү кеңештин төрагасынын резолюциясына жараша каттарды аткаруучуга өткөрүп берет;
18.3.3. жергиликтүү кеңештин сессияларына материалдарды, анын ичинде жергиликтүү кеңештин токтомдорунун долбоорлорун жана анын туруктуу (убактылуу) комиссияларынын корутундуларынын долбоорлорун даярдоо боюнча ишти уюштурат;
18.3.4. жергиликтүү кеңештин жана туруктуу комиссиялардын иш пландарынын долбоорун иштеп чыгууга көмөктөшөт, бекилгенден кийин алардын өз учурунда аткарылышына көмөктөшөт;
18.3.5. сессияларды, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарын чакыруу жөнүндө жергиликтүү кеңештин депутаттарын маалымдайт;
18.3.6. жергиликтүү кеңештин сессияларынын протоколдорун жүргүзөт, сессияларда, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында жергиликтүү кеңештин депутаттарын катоону ишке ашырат;
18.3.7. чакырылган адамдарды, ачык сессияларга, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышууну каалаган адамдарды каттону жүзөгө ашырат;
18.3.8. жергиликтүү кеңештин иш кагаздарын, анын ичинде келүүчүлөрдү кабыл алуу журналын, депутаттарга кайрылган жарандардын кайрылууларын каттоону жүргүзөт;
18.3.9. жергиликтүү кеңештин токтомдорун жол-жоболоштурат, аларды (күчүнө киргизүүгө) жарыялоону, каттоону, жергиликтүү кеңештин депутаттарына, тийиштү адамдарга, уюмдарга жана аткаруучуларга таратууну уюштурат;
18.3.10. расмий жарыялангандан кийин жергиликтүү кеңештин токтомунун көчүрмөсүн ченемдик укуктук актылардын Реестрине кошуу үчүн Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтөт;
18.3.11. жергиликтүү кеңештин документтерин, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын документтерин кошуп алганда, сактоону, системага салууну жана тийиштүү абалда кармоону камсыз кылат;
18.3.12. туруктуу, убактылуу комиссияларга, депутаттык топторго уюштуруучулук жагынан жардам көрсөтөт;
18.3.13. башка ченемдик укуктук актыларга, жергиликтүү кеңештин ушул Регламентине ылайык жана жергиликтүү кеңештин төрагасынын тапшырмасы боюнча башка иш-милдеттерди жүзөгө ашырат.
18.4. Аткаруу органынын башчысы менен макулдашуу аркылуу жергиликтүү кеңештин төрагасынын тапшырмасына ылайык туруктуу (убактылуу) комиссиялардын ишине көмөк көрсөтүү боюнча аткаруу органынын жооптуу катчысынын иш-милдеттери аппараттын кызматкерлерине жүктөлүшү мүмкүн.
19-глава
Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн, Регламентти сактоо үчүн көзөмөлдү ишке ашыруунун тартиби.
19.1. Жергиликтүү кеңештин Регламентинин жаңы редакциясы, ага өзгөртүүлөр жана толуктоолор жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен жергиликтүү кеңештин сессиясында кабыл алынат.
19.2. Жергиликтүү кеңештин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу депутаттар, фракциялар, туруктуу комиссиялар тарабынан демилгеленген сунуштар тийиштүү туруктуу комиссияларда каралгандан кийин жергиликтүү кеңештин сессиясынын күн тартибине киргизилет жана жергиликтүү кеңештин сессиясында биринчи кезектеги тартипте каралат.
19.3. Жергиликтүү кеңештин Регламентинин жоболорун чечмелеп түшүндүрүүнү жергиликтүү кеңештин төрагасы жана төраганын орун басары ишке ашырат.
19.4. Жергиликтүү кеңештин Регламентинин талаптарынын сакталышына контролдук кылуу жергиликтүү кеңештин төрагасына жана төраганын орун басарына жана тийиштүү туруктуу комиссияга жүктөлөт. жергиликтүү кеңештин сессиясы учурунда жергиликтүү кеңештин Регламентинин талаптарынын сакталышына контролдук кылуу сессияга төрагалык кылуучуга жүктөлөт.
Төрага Д.Т.Абдыралиев.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 3 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (3)
- Указ Президента Кыргызской Республики от 3 апреля 2023 года УП № 85 "Об административно-территориальной реформе на уровне айылных аймаков Нарынской области Кыргызской Республики…Указ · 03.04.2023 · № 85 · Утратил силу
- Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 30 марта 2023 года № 177 "Об организации деятельности айыл окмоту и штатной численности органов местного самоуправления…Постановление · 30.03.2023 · № 177 · Утратил силу
- Указ Президента Кыргызской Республики от 4 апреля 2023 года УП № 87 Об организации деятельности айылных кенешей в регионах Кыргызской Республики, в которых на уровне айылных…Указ · 04.04.2023 · № 87 · Утратил силу