Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ак- Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Элдик Биринчи Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү курултайды өткөрүү жөнүндө» токтому
АК-ТУРПАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ ТОКТОМ Ак- Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясынын
2022-жылдын 09-сентябрындагы № 40
Элдик Биринчи Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү курултайды өткөрүү жөнүндө Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 61-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы № 284-Жарлыгына негиз Ак-Турпак айыл аймагында жергиликтүү жамааттардын курултайын өткөрүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы А. Төралиевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Биринчи Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Ак-Турпак айыл аймагынын жергиликтүү жамааттардын курултайын Жаңы-Жер айылындагы маданият үйүндө 2022-жылдын 5-ноябрында саат 10:00 дө өткөрүү жагы белгиленсин.
2. Айыл аймактардан делегаттарды шайлоо кадамдап аткарылуучу аракеттердин Нускамасына негиз Ак-Турпак айыл аймагынын калкынын санына жараша жети калктуу конуштан 100 (жүз) делегат шайлансын.
3. Элдик курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин Календардык планында аныкталган 2022-жылдын 15-24-октябрь күндөрү жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жыйындардын графиги жана ага жооптуу айылдык кеңешин депутаттарынын тизмеси бекитилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешин төрайымын орун басары А.Тешебаевага тапшырылсын.
Төрайым
Ахунова С.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 1
Ссылается на (1)
- Указ Президента КР от 15 августа 2022 года УП № 284 "О созыве Народного Курултая"Указ · 15.08.2022 · № 284 · Утратил силу
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «О местной государственной администрации и органах местного самоуправления»Закон · 20.10.2021 · № 123