Депутаттардын Талас шаардык кенешинин «Кыргыз Республикасынын Энергетика Министрлигинин “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” филиалын Талас шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук жөнүндө» токтому
Вопрос по этому документу?Сверьте ответ чат-бота с документом
ИИ ответит по тексту законаИИ ответит по действующей редакции · бесплатно
40 ответов ИИ в месяц - бесплатно. Банковская карта не нужна.
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы кезексиз XXXIV сессиясынын 2024-жылдын 10-майы № 232/34-8
Кыргыз Республикасынын Энергетика Министрлигинин “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” филиалын Талас шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренеси, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги №89 “Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө” Жарлыгы жана Талас шаарынын мэриясынын 25.04.2024-жылдагы №01-19/1079, 26.04.2024-жылдагы №01-19/1117 жана 07.05.2024-жылдагы №01-19/1189 чыгыш сандуу каттарынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколун жана корутундусун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика Министрлигинин “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы” филиалын Талас шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (У.Атагелдиев) тапшырылсын.
Төрага
К. Джаныбеков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.
40 ответов ИИ в месяц - бесплатно. Банковская карта не нужна.