# Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин 2023-жылдын 31-майындагы, № 20/2 "Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 23-майындагы №01-17/1296 чыгыш катын аткарууга алуу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин 2023-жылдын 31-майындагы, № 20/2 "Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 23-майындагы №01-17/1296 чыгыш катын аткарууга алуу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 20/2
- Дата принятия: 31.05.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 31.05.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230008983>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-28987/edition/10930/ru>

> Текст приведён по редакции от 31.05.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин 2023-жылдын 31-майындагы, № 20/2 "Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 23-майындагы №01-17/1296 чыгыш катын аткарууга алуу жөнүндө" токтому (ред. от 31.05.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/230008983

---

КЫРГЫЗ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ ТОКТОМ Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин 7 чакырылышынын кезексиз 20 сессиясы

2023-жылдын 31-майындагы, № 20/2

Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 23-майындагы №01-17/1296 чыгыш катын аткарууга алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги “Жер –укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндөгү ”21 мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобонун бекитүү тууралуу” №291 токтомун негизинде Кыргыз-Кыштак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз-Кыштак айыл айымагына караштуу калктуу конуштардагы жер мунапысына кирген жерлердин аянты 0,25 га чейин бекитилсин.

2. Үлүш жерлерине үй салынган болсо аянты 0,04 га чейин. Мурда ээленип калган фонддун жерлерин аянты 0,20 га чейин Жайыт жерлерине 0,25га чейин. Суулу жерден 0,15 га чейин деп бекитилсин.

3. Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Маматкуловго милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин туруктуу жер комиссиясына жүктөлсүн.

Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы:

К.Машрапов
