# Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2024-жылынын 23-апрелиндеги №5/5 “Ак-Коргон-Тазалык” муниципалдык ишканасын “Ак-Там-Тазалык” муниципалдык ишканасына кошуу жөнүндө” токтому

- Полное наименование: Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2024-жылынын 23-апрелиндеги №5/5 “Ак-Коргон-Тазалык” муниципалдык ишканасын “Ак-Там-Тазалык” муниципалдык ишканасына кошуу жөнүндө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 5/5
- Дата принятия: 23.04.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 23.04.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230008955>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-28967/edition/10900/ru>

> Текст приведён по редакции от 23.04.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2024-жылынын 23-апрелиндеги №5/5 “Ак-Коргон-Тазалык” муниципалдык ишканасын “Ак-Там-Тазалык” муниципалдык ишканасына кошуу жөнүндө” токтому (ред. от 23.04.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230008955

---

Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезексиз V сессиясынын

2024-жылынын 23-апрели №5/5

“Ак-Коргон-Тазалык” муниципалдык ишканасын “Ак-Там-Тазалык” муниципалдык ишканасына кошуу жөнүндө”

Кыргыз Республикасынны Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндөгү № 370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин,Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” № 37 мыйзамынын 16-беренесин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген 2023-жылдын 29-декабрындагы “Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндөгү” № 735 токтомун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндөгү” № 52 токтомун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды,филиалдарды(өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндөгү” Жобосун жетекчиликке алып, Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2024-жылдын 23-апрелиндеги I чакырылышынын V кезексиз сессиясы токтом кылат:

1. “Ак-Коргон-Тазалык” муниципалдык ишканасын “Ак-Там-Тазалык” муниципалдык ишканасына кошуу жолу менен кайра түзүлүүгө уруксат берилсин.

2. “Ак-Там-Тазалык” муниципалдык ишканасынын аталышы “Чанач-Сай” муниципалдык ишканасы деп өзгөртүлсүн.Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:

-мамлекеттик тилде: “Чанач-Сай” муниципалдык ишканасы; -расмий тилде: Муниципальное предприятие “Чанач-Сай”; Кыскача фирмалык аталышы: -мамлекеттик тилде: “Чанач-Сай” МИ; -расмий тилде: МП “Чанач-Сай”.

3. Муниципалдык ишкананын директору болуп Асанбаев Максатбек Шаматович дайындалсын.

4. Токтомду alabuka.kg вебсайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин. токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

.

Төрага:

Т.Хамракулов.
