Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Баткен шаардык кеңешинин “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майдагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №291 токтомун Баткен шаарынын аймагында аткарууга алуу жөнүндөгү” Баткен шаардык Кеңеинин 2022-жылдын 29-декабрдагы VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясынын №77 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясынын
2023-жылдын 29-июнундагы № 44
“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майдагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №291 токтомун Баткен шаарынын аймагында аткарууга алуу жөнүндөгү” Баткен шаардык Кеңеинин 2022-жылдын 29-декабрдагы VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясынын №77 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө №123 Мыйзамынын 34-берененин 1,3-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №291 токтомун реализациялоо максатындагы Баткен шаардык Кеңеинин 2022-жылдын 29-декабрдагы VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясынын №77 токтомуна толуктоолорду киргизүү максатында, Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы Токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №291 токтомунун жобосуна ылайык шаар аймагында жер аянттарын бекитип берүү иштери жүргүзүлсүн.
2. Баткен шаарынын аймагында тургундардын ээлеп жүргөн жер аянттары аймактардагы белгиленген норма менен бекитилип берилсин.
3. Шаар тургундарынын калктуу конуштан алыс жайгашкан жер мунапысына кирген айыл чарба категориясындагы жерге мыйзамсыз курулган курулуш жана курулмалар “Багбанчылык-дача” катары эсептелип ,жалпы аянтын ичинен 0,10 га бекитилип берилсин
4. Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирлсин.
5. Токтом мамлекеттик реестирге киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Амиров М/ тапшырылсын.
Төрага
А.Мурзалиева
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 3
Связанные документы (3)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «О местной государственной администрации и органах местного самоуправления»Закон · 20.10.2021 · № 123
- Положение о порядке проведения земельной амнистии (Утверждено постановлением Кабинета Министров Кыргызской Республики от 31 мая 2022 года № 291)Положение · 31.05.2022 · № 291
- Постановление Кабинета Министров КР от 31 мая 2022 года № 291 "Об утверждении Положения о порядке проведения земельной амнистии"Постановление · 31.05.2022 · № 291