# Баткен шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-декабры, № 77 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №291 токтомун Баткен шаарынын аймагында аткарууга алуу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Баткен шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-декабры, № 77 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №291 токтомун Баткен шаарынын аймагында аткарууга алуу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 77
- Дата принятия: 29.12.2022
- Статус: Действует
- Редакция от: 29.12.2022
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230008803>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-28848/edition/10739/ru>

> Текст приведён по редакции от 29.12.2022 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Баткен шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-декабры, № 77 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №291 токтомун Баткен шаарынын аймагында аткарууга алуу жөнүндө" токтому (ред. от 29.12.2022) - https://aqlex.ai/kg/doc/230008803

---

БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясынын

2022-жылдын 29-декабры, № 77

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №291 токтомун Баткен шаарынын аймагында аткарууга алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө №123 Мыйзамынын 34-берененин 1,3-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №291 токтомун реализациялоо максатында Баткен шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук, коопсуздук, наамдарды ыйгаруу, курулуш куруу, архитектура, транспорт жана коммуникация, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын биргелекен кортундуларыны негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы Токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №291 токтомунун жобосуна ылайык шаар аймгында жер аянттарын бекитип берүү иштери жүргүзүлсүн.

2. Баткен шаарынын аймагында тургундардын ээлеп жүргөн жер аянттары аймактардагы белгиленген норма менен бекитилип берилсин.

3. Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.

4. Токтом мамлекеттик реестирге киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын шаардык Кеңештин бюджет, экономика, инвестиция жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Мадымаров/ жүктөлсүн.

Төрага

А.Аширов
