# Нарын шаардык кеңешинин "Жер тилкесин «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКга мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө" №2 Токтому

- Полное наименование: Нарын шаардык кеңешинин "Жер тилкесин «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКга мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө" №2 Токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 2
- Дата принятия: 14.06.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 14.06.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230008776>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-28828/edition/10711/ru>

> Текст приведён по редакции от 14.06.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Нарын шаардык кеңешинин "Жер тилкесин «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКга мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө" №2 Токтому (ред. от 14.06.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230008776

---

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Нарын шаардык кеңешинин V чакырылыштагы кезектеги XXXVI сессиясы

2024-жылдын 14-июну №2 Жер тилкесин «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКга мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги №126-т тескемесинин 2-пунктуна ылайык Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде Нарын шардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1. Нарын шаарындагы Кирпич заводунун жер аянтындагы бирдейлештирилген коду 4050100020862 жалпы аянты 8 га жер тилкеси «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКга мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга берүүгө тиешелүү бүтүмдүк иш кагаздарын Мыйзам чегинде бүткөрүү Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

Төрага

А.Молдосалиев
