# Баткен шаарындык кеңешинин 2022-жылдын 29-декабры, № 75 "Баткен шаарынын аймагында мүлккө салыкты киргизүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Баткен шаарындык кеңешинин 2022-жылдын 29-декабры, № 75 "Баткен шаарынын аймагында мүлккө салыкты киргизүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 75
- Дата принятия: 29.12.2022
- Статус: Действует
- Редакция от: 29.12.2022
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230008765>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-28821/edition/10700/ru>

> Текст приведён по редакции от 29.12.2022 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Баткен шаарындык кеңешинин 2022-жылдын 29-декабры, № 75 "Баткен шаарынын аймагында мүлккө салыкты киргизүү жөнүндө" токтому (ред. от 29.12.2022) - https://aqlex.ai/kg/doc/230008765

---

БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясынын

2022-жылдын 29-декабры, № 75

Баткен шаарынын аймагында мүлккө салыкты киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө №123 Мыйзамынын 34-берененин 4-пунктуна жана “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнө, 26-декабрдагы бюджет, экономика, инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы Токтом кылат:

1. 2023-жылдын 1-январынан тартып Баткен шаарынын аймагында мүлккө салык ишке киргизилсин.

2. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн салыкты администрациялоо Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык жүргүзүлсүн

3. Баткен шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын №2-3/36 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

4. Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын шаардык Кеңештин бюджет, экономика, инвестиция жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Мадымаров/ жана шаар мэринин 1-вице мэрине /А.Орозовго/ жүктөлсүн

Төрага

А.Аширов
