# Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттарынын XXX чакырылышынын кезексиз XXXVIII сессиясынын 2024-жылдын 07-июнундагы № 30/38-1 "Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы филиалын муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттарынын XXX чакырылышынын кезексиз XXXVIII сессиясынын 2024-жылдын 07-июнундагы № 30/38-1 "Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы филиалын муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 30\\38-1
- Дата принятия: 07.06.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 07.06.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230008759>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-28816/edition/10694/ru>

> Текст приведён по редакции от 07.06.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттарынын XXX чакырылышынын кезексиз XXXVIII сессиясынын 2024-жылдын 07-июнундагы № 30/38-1 "Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы филиалын муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (ред. от 07.06.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230008759

---

ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттарынын XXX чакырылышынын кезексиз XXXVIII сессиясы

2024-жылдын 07-июнундагы № 30/38-1

Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы филиалын муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 03-апрелиндеги № 89 Жарлыгынын негизинде, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 30-апрелиндеги №01-6/1467, Чолпон-Ата шаардык мэриясынын 2024-жылдын 6-майындагы №01-12/625 иш кагаздарын, 2024-жылдын 5-июнундагы шаардык Кеңештин «Экология, транспорт,курулуш, муниципалдык менчик, жерди пайдалануу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасын муниципалдык менчикке өткөрүү боюнча берген корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 6-беренесин жетекчиликке алып, Чолпон-Ата шаардык кеңеши Токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы филиалын Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын балансына өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин үч жылдык мөөнөттө субсидия төлөп берүү шарты чечилген учурда макул экендиги белгиленсин.

2. Чолпон -Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы филиалын муниципалдык менчикке кабыл алууда ички, тышкы карыздарын толугу менен жоюп берүү жагы учурдагы «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну Чолпон-Ата шаарынын мэри А.Т.Турдубековго тапшырылсын.

4. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана жана Кыргыз Республикасынын ченемдик- укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин «Экология, транспорт,курулуш, муниципалдык менчик, жерди пайдалануу маселелери боюнча” жана “Бюджет, каржы, экономика жана инвестиция тартуу, ишкердикти колдоо боюнча” туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.

Төрага Б.Бакиров
