Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Жаргылчак айылдык кеңеши «Жаргылчак айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2023-жылга бюджетин жана 2024-2025-жылга долбоорун бекитүү жөнүндө» токтому
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жаргылчак айылдык кеңеши ХХVIII чакырылышынын 15-сессиясы
2023-жылдын 8-февралы № 15
Жаргылчак айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2023-жылга бюджетин жана 2024-2025-жылга долбоорун бекитүү жөнүндө
Жаргылчак айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Ишенбаевтин билдирүүсүн угуп жана айылдык кеңештин финансы бюджет боюнча туруктуу комиссиясы менен талкуулап, Жаргылчак айыл кенешинин XXVIII-чакырылышынын 15-сессиясы токтом кылат:
1. Жаргылчак айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ишебаев Нурбектин айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджетинин аткарылышынын билдирүүсү эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министирлиги тарабынан 2023-жылга берилген долбоорду талкуулап, айыл өкмөтүнүн расчетунун негизинде жалпы киреше бөлүгү 43770,2 миң сом өлчөмүндө N1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. 2023-жылга Жаргылчак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер 43770,2 мин сом жана чыгымдар 43770,2 мин сом көлөмүндө N2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Айыл өкмөтүнүн атайын каражаттары кирешелери 742,5 миң сом жана чыгымдары 742,5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
6. 2024-жылга бюджеттик болбоору N3 тиркемесине ылайык 43775,5 миң сом өлчөмүндө бектилсин.
7. 2025-жылга бюджеттик долбоору N3 тиркемеге ылайык 43775,5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
8. Жергиликтүү бюджетке 2023-жылга жайыт акысынан келип түшүүчү киреше жана чыгашалар N4 тиркемеге ылайык 300 000 сом өлчөмүндө бекитилсин.
9. Айыл өкөтүнүн апаратынын кызматкерлеринин 22 штат бирдиги 9123495 сом жылдык эмгек акы жана 1104764 соц фондусу менен бекитилсин.
10. Спорт оюундарына 590,9 миң сом жана ичинде майрам күндөрүннө 1200,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
11. Айылдык кеңештин төрагасына бир жолку төлөнүүчү жөлөк пул эмгек акысы жыл ичинде өткөргөн он сессияга 6500 сом жана соцфондго 1 121 сом өлчөмүндө жана 2019-жылдын 8-августунун N115 мыйзамынын негизинде бир штаттык биримдиги айылдык кенештерге жоопту катчынын жылдык эмгек акысы 485943 сомдон соц фондусу 61294 сомдон бекитилсин.
12. Жергиликтүү бюджетке салык агенттиги төлөөчү киреше салыгы боюнча нормативдик ченөөлөрдүн 100 пайыз өлчөмү айыл аймыгында калтыргандыктан менчиктин баардык түрлөрүндөгү ишканалардан, уюумдардын пайдасынан, атуулдардын кирешелеринен, юридикалык тараптардан алынуучу жер салыктардан, жерди кайра бөлүштүрүү фондунан алынуучу ижара акыдан, жергиликтүү бюджетке чегерүүдөн өлчөмү N2 тиркемеде көрсөтүлгөн.
13. Өзгөчө кырдаалдар учурунда, ар кандай табийгый кырсыктарынын кесепеттерин жоюу иштеринен 200000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
14. Ветеринардык иш чараларга 35000 сом, аскердик учет боюнча иш 30000 сом жана айыл өкмөтүнө сатып алуулар боюнча келишимдин негизинде бир кызматкер алууга жылдык эмгек акысы 225120 сом акча каражатына бекитилип берилсин.
15. Айыл өкмөтүнүн карамагында участкалык милиция кызматкерлеринин кызматтык автоунаасына 2023 жылга 500 литр күйүүчү май жана канцелярдык товарларына 10000 сом мезгил менен бөлүнүп берилсин.
16. Ак- Терек айылындагы күрөш боюнча тренерге 120000 сом , Жеңиш айылынын күрөш боюнча тренерге 90000 мин сом жана Кичи-Жаргылчак айылындагы волейбол боюнча трениерге 90000 сом спорт комплекситин кароочуларына 30000 сом ,таштанды чыгарганга 90000 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
17. Кичи-Жаргылчак айылындагы каналдарды оңдотуу үчүн “Иштерман” ишканасы аркылуу жумуштарды аткаруу үчүн 200 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
18. 2022-жылы төлөнбөй калган карыздар 2023- жылдын бюджетинене бюджет комитетинин макулдугу менен төлөнүп берилсин .
19. Айыл аймактын айыл өкмөтүнүн бюджетинде калган кирешелердин жана жыл ичинде болуучу чыгымдардын иш-чаралары толук өз багытында, акча каражаты 200,0 миң сомдон жогору болсо айыл кеңешинин токтомунун негизинде узгүлтүксүз түрдө ишке ашыруу, айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
20. 2023-жылдын бюджетине түшкөн кирешелер биринчи кезекте корголгон беренелерди каражатоого жумшалсын.
21. Жергиликтуу бюджетке келип түшкөн атайын каражаттарын казынадан тышкары пайдаланууга тыюу салынат, казынадан тышкары пайдаланылган каражаттар болсо тийешелүү деңгээлде өндүрүлүп бюджетке алынышы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына мелдеттендирилсин.
22. Айылдык бюджет боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай каражат акчасы 100.0 миң сом көлөмүндө чектелсин.
23. 2023-жылга бөлүнгөн бюджеттин чыгымдар бөлүгү жыл ичинде муктаждыктарга карата кварталдардан кварталга, статьядан статьяларга, классификациялардан классицикацияга айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынан буйругу жана бюджет комитетинин макулдугу менен которууга мумкундук берилсин.
24. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жана депутаттардын бюджеттик туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
25. Токтом 2023- жылдын 1- январынан баштап күчүнө кирсин.
Төрага
Т.Д. Кызалаков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.