Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Баткен шаардык кеңешинин “2022-жыл Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы” алкагында Баткен шаар аймагында аткарылган иштер жөнүндө» токтому
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясынын
2022-жылдын 29-декабры, № 68
“2022-жыл Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы” алкагында Баткен шаар аймагында аткарылган иштер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 31-январындагы №17 “2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо” жөнүндө Жарлыгынын жана КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-мартындагы №95-т тескемесин, КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2022-жылдын 17-мартындагы № 76-б буйруктары шаар мэриясы тарабынан аткарууга алынган. Баткен шаардык мэриясы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн жарлык, тескеме, буйрукту аткаруу максатында 2022-жылдын 26-мартында №76 тескемесин кабыл алып, иш-чаралар планы бекитилген. Бекитилген иш-чарага ылайык, жашылдандыруу ченемдерин көбөйтүү жана калктуу конуштарда жашыл өсүмдүктөрдүн аянтын туруктуу көбөйтүүнү, анын ичинде алардын айланасында жашыл тилкелерди түзүүнү жана кеңейтүүнү камсыз кылуу боюнча;“Жашыл мурас” улуттук компаниясын ишке киргизүү
№
Көчөт отургузулган жай
Көп жылдык бактардын көчөттөрү
Гүл эгүү
Сосна (даана)
Аккайың (даана)
Межевель. Жана Каштан (даана)
Катальпа (даана)
Бардыгы (даана)
Гүл (даана)
Газон (кг)
1
Манас паркы
153
90
217
50
510
2
Жаштык паркы
32
-
45
30
107
3
Эстеликтер ж-а мэриянын айм.
5
5
1370
4
Жең. 40 жылд.
10
10
10
8
38
5
М.Нургазыев
20
20
4
6
Н.Исанов
70
40
110
7
К.Турмаматов
137
137
8
Курм.-Датка
101
101
9
И.Жусупов
22
22
10
Т.Садыков
5030
11
М.Салихов
4
Бардыгы
200
100
600
150
1050
6400
8
Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында жайгашкан таштанды таштоочу аймактагы санитардык талаптарды аткаруу максатында таштанды таштоочу аймакты иретке келтирүү үчүн Баткен шаарынын 2022-жылдын иш-чарасына киргизилип, жергиликтүү бюджеттин эсебинен Бульдозер Т-130 маркасындагы атайын техника сатып алынган. Ошондой эле таштанды таштоочу жер боюнча тиешелүү документтери даярдалып, Дүйнөлүк Банктын каржылоосу менен 2023-жылдын эсебинен катуу калдыктарды бөлүү (сартировка) кайра иштетүүчү кичи завод куруу, атайын техникаларды сатып алуу (таштанды чыгаруучу автоунаа, скарпион) боюнча жалпы суммасы 15 000 000 (он беш миллион) АКШ доллор турган долбоор жактырылууда. Ал эми жаратылышты коргоо долбоорлорун финансылык колдоо, экологиялык инвестицияларды жана технологияларды тартууга дем берүү үчүн КР Жаратылышты өнүктүрүү фондунун каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу жана кошумча финансы ресурстарын тартуу боюнча ишти активдештирүү максатында Айыл Банк” ишканасы тарабынан 6 таштандыларды ташуучу автоунаалар лизинг катары 10 жылдык мөөнөткө сатылып алынды. Мындан сырткары коомдук жайларда, эс алуу бактарындагы санитардык абалды жакшыртуу максатында быйылкы жылы Жаштык эс алуу багына коомдук санитардык тейлөө борбору курулуп бүткөрүлүп, Жениш эс алуу багына КР Президентинин алдындагы Туризмди өнүктүү борбору тарабынан заманбап тейлөө комплекси курулууда. Баткен шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXII сессиясынын 2016-жылдын 22-июнундагы “Баткен шаарынын Кызыл-Жол АТОсунун аймагындагы Эгиз-Кара тоосунун айланасындагы тарыхый табылгаларды корукка алуу жөнүндө” №36 токтому кабыл алынган. Корукка алынган тоонуну айланасы 1,5 км аралык корукка алынып, белгиленген жер аянттарын тосмолонуп корукталган. Бул корукта тарыхый эстеликтерди сактап калуу максатында, сметалык баасы 1302746 сомдук темир тосмолор менен корукталган. Аталган корукта “Эсенгелди”, “Кулама таш” тоо кыркаларындагы 1000 ден ашуун дүйнөлүк окмуштууларды кызыктырган саймалуу эстелик таштары сакталып калды. Ушундай эле шаар аймагындагы Кызыл-Дөң кварталындагы Ак-Таш тоосундагы саймалуу таштарды корукка алуу зарылчылыгы турат. Жогорудагылардын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаар мэриясынын “2022-жыл Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттыктуруктуулук жылы” алкагында аткарган иштеринин маалыматы кабыл алынсын.
2. Шаар аймагындагы корукка алууга тийиш болгон тарыхый мурастарды, тоо-таштарды сактап калуу үчүн жыл сайын иш чаралар жүргүзүлсүн жана маалымдалып турулсун.
3.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
4. Токтом мамлекеттик реестирге киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары У.Гаиповго жүктөлсүн.
Төрага
А.Аширов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Распоряжение Кабинета Министров КР от 1 марта 2022 года N 95-р "Об утверждении Дорожной карты по проведению Года защиты горных экосистем и климатической устойчивости"Распоряжение · 01.03.2022 · № 95-р · Утратил силу