Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кароол айылдык кеңешинин 2024- жылдын 20- апрелиндеги № 31/3 «Жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндө» токтому
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык кеңешинин кезексиз 31-сессиясы
2024– жылдын 20-апрели № 31/3
Жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кароол айыл өкмөтүнүн 18.04.2024-жылдагы №115 сандуу катын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 19-декабрындагы №346 “Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн шаарынын айланасында айланма автомобиль жолун куруу жана тейлөө боюнча мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 16.01.2024-жылдагы №9 токтомун жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү мыйзамынын 12-беренесинин талабына ылайык, Кароол айылдык кеңешинин кезексиз 31-сессиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын “Кыргызмамжердолборлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын чыгыш №01-9/568 сандуу 11.04.2024-жылдагы корутундусуда көрсөтүлгөн жалпы 29.3 га суу фондунун жерлери Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткаруу жагы Кароол айыл аймагынын башчысы Р.Б.Алайчиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кароол айылдык кеңешинин төрагасына жүктөлсүн.
Төрага
Э.М.Эралиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.