Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин «Көл-Төр айыл аймагынын 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин, жер салыгынын экономдолгон бөлүгүн жана тендөөчү гранттын каражатын бөлүү жөнүндө» токтому
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз 20-сессиясы
2023-жылдын 2-октябры № 26 Көл-Төр айыл аймагынын 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин, жер салыгынын экономдолгон бөлүгүн жана тендөөчү гранттын каражатын бөлүү жөнүндө
Көл-Төр айыл аймагынын 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин, Республикалык бюджеттен келип түшкөн КР Президентинин 2021-жылдын 6-декабрь ПЖ №547 жарлыгынын негизиндеги жер салыгынын экономдолгон акча каражатын жана теңдөөчү грантты бөлүү боюнча Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн маалыматын угуп жана талкуулап Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1.Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бекитилген бюджеттин экономдолгон акча каражаттары:
- Сметаларды түзүү үчүн каралган акча каражатынан 80000сомду;
- Республикалык бюджеттен келип түшкөн КР Президентинин 2021-жылдын 6-декабрь ПЖ №547 жарлыгынын негизиндеги жер салыгынын айылдардын борбордук көчөлөрүн жарыктандырууга бөлүнгөн материалдардын 70629бөлүмү 22221200беренесинен 90775сомду;
- Тендөөчү гранттын 70111бөлүмүнүн 2111беренесинен 47711сом;
2.Бардык акча каражаты:
70111бөлүмүнүн 2215 беренесинен 80000сомду 70823бөлүмүнүн 3111беренесине Дем берүүчү гранттын долбооруна кошумча каражатка; 70111бөлүмүнүн 2111беренесинен 70823бөлүмүнүн 2121 беренесине 47711сомду; 70629бөлүмүнүн 2222беренесинен экономдолгон 90775сомду 70111бөлүмүнүн 2215беренесине: Бардыгы: 218486 сом (Эки жүз он сегиз миң төрт жүз сексен алты.)
3.Көл-Төр айыл аймагынын 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин, Республикалык бюджеттен келип түшкөн КР Президентинин 2021-жылдын 6-декабрь ПЖ №547 жарлыгынын негизиндеги жер салыгынын экономдолгон акча каражатын жана теңдөөчү грантты Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ар кандай чыгымдарына жумшалсын жана бекитилсин.
4. 2023-жылга өзгөртүлгөн Көл-Төр айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин так аткарылышын камсыз кылуу жагы Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жана каржы-экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары
А.Намазбекова
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.