# Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин 2023-жылдын 2-октябры № 22 "Көл-Төр айыл аймагынын 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин тогуз ай ичинде экономдолгон жана жер салыгынын акча каражатын бөлүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин 2023-жылдын 2-октябры № 22 "Көл-Төр айыл аймагынын 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин тогуз ай ичинде экономдолгон жана жер салыгынын акча каражатын бөлүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 22
- Дата принятия: 02.10.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 02.10.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230008468>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-28545/edition/10392/ru>

> Текст приведён по редакции от 02.10.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин 2023-жылдын 2-октябры № 22 "Көл-Төр айыл аймагынын 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин тогуз ай ичинде экономдолгон жана жер салыгынын акча каражатын бөлүү жөнүндө" токтому (ред. от 02.10.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/230008468

---

КӨЛ-ТӨР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз 20-сессиясы

2023-жылдын 2-октябры № 22 Көл-Төр айыл аймагынын 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин тогуз ай ичинде экономдолгон жана жер салыгынын акча каражатын бөлүү жөнүндө

Көл-Төр айыл аймагынын 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин тогуз ай ичинде экономдолгон акча каражатын, Республикалык бюджеттен келип түшкөн КР Президентинин 2021-жылдын 6-декабрь ПЖ №547 жарлыгынын негизиндеги жер салыгынын акча каражатын бөлүү боюнча Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн маалыматын угуп жана талкуулап Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:

1. Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылга тогуз ай ичинде экономдолгон акча каражаттары:

- Чарба китептерин алууга 70111 бөлүмү 2222 беренесинен 20000 сомду;

- Айылдын ИСКАКБ ларына мектептер үчүн 70921 бөлүмү 2231 беренесине 20000 сом суу үчүн;

- Айыл өкмөтүнө суу киргизүүгө 70111 бөлүмү 2222 беренесинен 24000 сомду;

- Көл-Төр айылынын №9 бала бакчасына 70911 бөлүмү 2224 беренесине 24000 сом көмүр алууга;

- Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүгө 70111 бөлүмү 22154900 беренеси 30000 сом;

- Көл-Төр айылынын таза суусуна насос алуу 70629 бөлүмү 22221200 беренеси 30000 сом;

2. Республикалык бюджеттен келип түшкөн КР Президентинин 2021-жылдын 6-декабрь ПЖ №547 жарлыгынын негизиндеги жер салыгын:

- Айылдардын борбордук көчөлөрүн жарыктандырууга материалдар 70629 бөлүмү 22221200 беренеси 254000 сом;

3. Бардык акча каражаты: 70921 бөлүмү 2231беренесине 20000 сом;

70911 бөлүмү 2224 беренесине 24000 сом; 70629 бөлүмү 2222 беренесине 284000 сом: Бардык акча каражаты: 328000 (үч жүз жыйырма сегиз миң) сом.

4. Көл-Төр айыл аймагынын 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин тогуз ай ичинде экономдолгон 74000 сом (жетимиш төрт мин) сом акча каражаты жана жер салыгынын 254000 сом акча каражаты Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ар кандай чыгымдарына жумшалсын жана бекитилсин.

5. 2023-жылга өзгөртүлгөн Көл-Төр айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин так аткарылышын камсыз кылуу жагы Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жана каржы-экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.

Төраганын орун басары

А.Намазбекова
