Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин «Көл-Төр айыл аймагынын 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин тогуз ай ичинде экономдолгон жана жер салыгынын акча каражатын бөлүү жөнүндө» токтому
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз 20-сессиясы
2023-жылдын 2-октябры № 22 Көл-Төр айыл аймагынын 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин тогуз ай ичинде экономдолгон жана жер салыгынын акча каражатын бөлүү жөнүндө
Көл-Төр айыл аймагынын 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин тогуз ай ичинде экономдолгон акча каражатын, Республикалык бюджеттен келип түшкөн КР Президентинин 2021-жылдын 6-декабрь ПЖ №547 жарлыгынын негизиндеги жер салыгынын акча каражатын бөлүү боюнча Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн маалыматын угуп жана талкуулап Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1. Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылга тогуз ай ичинде экономдолгон акча каражаттары:
- Чарба китептерин алууга 70111 бөлүмү 2222 беренесинен 20000 сомду;
- Айылдын ИСКАКБ ларына мектептер үчүн 70921 бөлүмү 2231 беренесине 20000 сом суу үчүн;
- Айыл өкмөтүнө суу киргизүүгө 70111 бөлүмү 2222 беренесинен 24000 сомду;
- Көл-Төр айылынын №9 бала бакчасына 70911 бөлүмү 2224 беренесине 24000 сом көмүр алууга;
- Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүгө 70111 бөлүмү 22154900 беренеси 30000 сом;
- Көл-Төр айылынын таза суусуна насос алуу 70629 бөлүмү 22221200 беренеси 30000 сом;
2. Республикалык бюджеттен келип түшкөн КР Президентинин 2021-жылдын 6-декабрь ПЖ №547 жарлыгынын негизиндеги жер салыгын:
- Айылдардын борбордук көчөлөрүн жарыктандырууга материалдар 70629 бөлүмү 22221200 беренеси 254000 сом;
3. Бардык акча каражаты: 70921 бөлүмү 2231беренесине 20000 сом;
70911 бөлүмү 2224 беренесине 24000 сом; 70629 бөлүмү 2222 беренесине 284000 сом: Бардык акча каражаты: 328000 (үч жүз жыйырма сегиз миң) сом.
4. Көл-Төр айыл аймагынын 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин тогуз ай ичинде экономдолгон 74000 сом (жетимиш төрт мин) сом акча каражаты жана жер салыгынын 254000 сом акча каражаты Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ар кандай чыгымдарына жумшалсын жана бекитилсин.
5. 2023-жылга өзгөртүлгөн Көл-Төр айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин так аткарылышын камсыз кылуу жагы Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жана каржы-экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары
А.Намазбекова
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.