Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин «Көл-Төр айыл аймагынын 2023-жылга каралган тендөөчү гранттын, 2022-жылдын бош калган акча каражатынын экономдолгон бөлүгүн, жер салыгынын акча каражатын бөлүү жөнүндө» токтому
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз 19-сессиясы
2023-жылдын 21-августу № 21 Көл-Төр айыл аймагынын 2023-жылга каралган тендөөчү гранттын, 2022-жылдын бош калган акча каражатынын экономдолгон бөлүгүн, жер салыгынын акча каражатын бөлүү жөнүндө
Көл-Төр айыл аймагынын 2023-жылга каралган теңдөөчү гранттын, 2022-жылдын бош калган акча каражатынын экономдолгон бөлүгүн, КР Президентинин 2021-жылдын 6-декабры ПЖ №547 жарлыгынын негизиндеги жер салыгынын акча каражатын бөлүү боюнча Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн маалыматын угуп жана талкуулап Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1. Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылга экономдолгон теңдөөчү гранттын акча каражаттары:
- Эмгек акы 70111 бөлүмү 2111 беренеси 633200 сом;
- Көмүр алууга 70921бөлүмү 2224 беренеси 633200 сом
2. Республикалык бюджеттен келип түшкөн КР Президентинин 2021-жылдын 6-декабры ПЖ №547 жарлыгынын негизиндеги жер салыгын :
- Көмүр алууга 70921бөлүмү 2224 беренеси 86800 сом;
- командировкалык чыгымдарга 70821бөлүмү 2211 беренеси 25000 сом;
70823 бөлүмү 2211 беренеси 25000 сом;
3. 2022-жылдын бош калган акча каражатынын экономдолгон бөлүгү боюнча:
- айыл аймактын айылдарынын көчөлөрүнө кум шагыл төгүү үчүн каралган 1156843,93сомдон 108011,93сомду:
- айылдардын ичине ички көпүрөгө трубаларга:
70629 бөлүмү 2222 беренеси 108011,93 сом
- Бардык акча каражаты: 70921 бөлүмү 2224 беренесине 720000 (жети жүз жыйырма мин) сом; 70821 бөлүмү 2211 беренесине 25000 сом;
70823 бөлүмү 2211 беренесине 25000 сом; 70629 бөлүмү 2222 беренесине 108011,93 сом.
4. Көл-Төр айыл аймагынын 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин экономдолгон 741211,93 (жети жүз кырк бир миң эки жүз он бир сом 93 тыйын) сом жана жер салыгынын 136 800сом акча каражаты Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ар кандай чыгымдарына жумшалсын жана бекитилсин.
5. 2023-жылга өзгөртүлгөн Көл-Төр айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин так аткарылышын камсыз кылуу жагы Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жана каржы-экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары
А.Намазбекова
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.