Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Совет айылдык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы жонундо»мыйзамынын 40-беренесине ылайык жоопкерчилиги чектелген «Кутту –Таш» коомуна Кан кенин иштуу процессинде пайда болгон коргошундун калдыктарын экинчи жолу кайра иштеттуу максатында геологиялык изилдоо жана чалыгындоо жургузууго макулдук беруу жөнундө»
СОВЕТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Совет айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз он экинчи сессиясы 2018-жылдын 24-ноябры № 12/1 Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы жонундо»мыйзамынын 40-беренесине ылайык жоопкерчилиги чектелген «Кутту –Таш» коомуна Кан кенин иштуу процессинде пайда болгон коргошундун калдыктарын экинчи жолу кайра иштеттуу максатында геологиялык изилдоо жана чалыгындоо жургузууго макулдук беруу жонундо» Совет айыл аймагынынын айылдык кенешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз Он экинчи сессиясы кун тартибиндеги маселени карап чыгып талкуулап жана 2018-жылдын 20-ноябрында болгон элдик жыйындан тушкон сын- сунуштарды эске алуу менен ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2018-жылдын 12-апрелиндеги №136-б «Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Кан айылынын экологиялык реабилитациялоо максатында «Калдык сактоочу жана кен калдыктары жонундо»Кыргыз Республикасынын Мыйзамыны 7-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын Окмоту жонундо»Кыргыз Республикасынын конститутциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык жоопкерчилиги чектелген «Кутту -Таш»коомуна Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен заманбап технологияларды колдонуу ошондой эле калдыктар сакталуучу жерлерди милдеттуу турдо рекультивизациялоо,дренаждык курулмаларын реабилитациялоо шарттарында иш жургузууго уруксат беруу жонундогу»буйругунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы жонундо»мыйзамынын 40-беренесине ылайык геологиялык изилдоо, чалгындоо иштерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын так сактоо менен талаптарына ылайык иш жургузууго жоопкерчилиги чектелген «Куттуу –Таш» коомуна макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын жана жоопкерчилиги чектелген «Куттуу –Таш» коомунун мыйзам чегинде иш жургуузусун козомолдоо жагы Совет айыл аймагынын айыл окмотуно жана жергиликтуу кенештин атайын комиссиясына милдеттендирилсин.
Совет айылдык кеңешинин төрайымы
У. З. Коргонбаева
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.