# Уч-Коргон айылдык кеңешинин 2023-жылдын 30-октябры № 18/4 " Уч-Коргон айыл аймагынан өтүүчү суу объектлерин суу-коргоочу тилкелеринин өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Уч-Коргон айылдык кеңешинин 2023-жылдын 30-октябры № 18/4 " Уч-Коргон айыл аймагынан өтүүчү суу объектлерин суу-коргоочу тилкелеринин өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 18/4
- Дата принятия: 30.10.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 30.10.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230008270>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-28382/edition/10205/ru>

> Текст приведён по редакции от 30.10.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Уч-Коргон айылдык кеңешинин 2023-жылдын 30-октябры № 18/4 " Уч-Коргон айыл аймагынан өтүүчү суу объектлерин суу-коргоочу тилкелеринин өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө" токтому (ред. от 30.10.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/230008270

---

УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Уч-Коргон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХVIII-сессиясы 2023-жылдын 30-октябры № 18/4 Уч-Коргон айыл аймагынан өтүүчү суу объектлерин суу-коргоочу тилкелеринин өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө

Уч-Коргон айыл аймагынан өтүүчү суу объектлери калктуу конуштардын ичинен өткөндүгүнө жана СССР мезгилиген тартып, кээ бир курулуш объектлери салынып калгандыгын эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жыл 7 июлунундагы №271 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналарын жана суу объектлери туралуу жобонун V бөлүмүнүн 23-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жыл 25-сентябрь №606. Кыргыз республикасынын Министрлер кабинетинин 2021-жыл 17-декабрь №307. 2022-жылдын 29-июлундагы №403 токтомдорунун редакцияларына ылайык, Уч-Коргон айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Уч-Коргон айыл аймагындагы суу объектлеринин суу коргоочу тилкелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жыл 7 июлунундагы №271 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналарын жана суу объектлери туралуу жобонун V бөлүмүнүн 23-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жыл 25-сентябрь №606. Кыргыз республикасынын Министрлер кабинетинин 2021-жыл 17-декабрь №307. 2022-жылдын 29-июлундагы №403 токтомдорунун редакцияларына ылайык “Исфайрам ” дарыясынын он жээгинен – 20м, Анхор каналынан – 4м, Эшан каналынан -4м, Тешик каналынан 4м жана Руздархан каналынан 4м суу коргоочу тилкелер калдыруу белгиленсин.

2. Уч-Коргон айыл аймагындагы суу объектлеринин суу коргоочу тилкелеринде мурда мамлекеттик органдар тарабынан берилген токтомдор негизинде салынып алынган объектлеринин ээлерине гидромелиоративдик реконструкциялоо жана санитардык тазалоо иштерин жургузуу, каналдардын жээктерин бекемдоо милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын Кадамжай районунун суу чарба башкармасынын Исфайрам он жак участкасына жүктөлсүн.

4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Д.Ахуновага милдеттендирилсин.

5. Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин агрардык жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Баймурзаевго тапшырылсын.

Төрага

Б.Юрсунов
