# Кулунду айылдык кеңешинин 2024-жылдын 13-майы №30/5 “Кулунду айыл аймагындагы кээ бир айылдардын атын кайрадан атап, өзгөртүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кулунду айылдык кеңешинин 2024-жылдын 13-майы №30/5 “Кулунду айыл аймагындагы кээ бир айылдардын атын кайрадан атап, өзгөртүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 30/5
- Дата принятия: 13.05.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 13.05.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230008248>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-28367/edition/10186/ru>

> Текст приведён по редакции от 13.05.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кулунду айылдык кеңешинин 2024-жылдын 13-майы №30/5 “Кулунду айыл аймагындагы кээ бир айылдардын атын кайрадан атап, өзгөртүү жөнүндө" токтому (ред. от 13.05.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230008248

---

КУЛУНДУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 30-сессиясы

2024-жылдын 13–майы № 30/5

“Кулунду айыл аймагындагы кээ бир айылдардын атын кайрадан атап, өзгөртүү жөнүндө

Кулунду айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 06-майындагы №01-20/245 чыгыш катынын негизинде Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 30-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кулунду айыл аймагына караштуу мурдакы Ленин айылынын аты “И. Раззаков” айылы жана Коммунизм айылынын аты “Ак-Арык” айылы болуп өзгөртүлсүн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарды жүргүзүү боюнча Типтүү нускаманын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы №743-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобонун негизинде мамлекеттик реестрге киргизилсин. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, коомдук тартип жана граждандык укукту коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

Төраганын у.м.а Т. Ы. Абдибапов
