Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кулунду айылдык кеңешинин “Кулунду айыл аймагындагы кээ бир айылдардын атын кайрадан атап, өзгөртүү жөнүндө» токтому
КУЛУНДУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 30-сессиясы
2024-жылдын 13–майы № 30/5
“Кулунду айыл аймагындагы кээ бир айылдардын атын кайрадан атап, өзгөртүү жөнүндө
Кулунду айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 06-майындагы №01-20/245 чыгыш катынын негизинде Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 30-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кулунду айыл аймагына караштуу мурдакы Ленин айылынын аты “И. Раззаков” айылы жана Коммунизм айылынын аты “Ак-Арык” айылы болуп өзгөртүлсүн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарды жүргүзүү боюнча Типтүү нускаманын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы №743-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобонун негизинде мамлекеттик реестрге киргизилсин. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, коомдук тартип жана граждандык укукту коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төраганын у.м.а Т. Ы. Абдибапов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Постановление Правительства КР от 8 декабря 2009 года №743 "О порядке ведения Государственного реестра нормативных правовых актов Кыргызской Республики"Постановление · 08.12.2009 · № 743
- Постановление Правительства КР от 3 марта 2020 года № 120 "О Типовой инструкции по делопроизводству в Кыргызской Республике"Постановление · 03.03.2020 · № 120