Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Уч-Коргон айылдык кеңешинин «Уч-Коргон айылдык кеңешинини VII чакырылышынын 2023- жыл 25-майындагы кезексиз XII сессиясынын №12/1 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Уч-Коргон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХVIII-сессиясы 2023-жылдын 30-октябры № 18/2 Уч-Коргон айылдык кеңешинини VII чакырылышынын 2023- жыл 25-майындагы кезексиз XII сессиясынын №12/1 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы №567 Токтомунун редакциясына ылайык, Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндөгү” №21 мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “Жер мунапысынын ” жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобону бекитүү туралуу №291 токтомун 18-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 2-мартындагы №174 Токтомунун редакциясына таянып, Уч-Коргон айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XVII сессиясынын 2015-жылдын 19-майындагы №17/2 Уч-Коргон айыл аймагынын тургундарына турак-жай куруу үчүн жер участокторун болуштуруда жер өлчөмүн бекитип берүү жөнүндөгү токтомунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Уч-Коргон айылдык кеңешинини VII чакырылышынын 2023- жыл 25-майындагы кезексиз XII сессиясынын №12/1 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
2. Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 23-майындагы Чыгыш №01-17/1296 каты аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
3. Уч-Коргон айыл аймагында мыйзамсыз курулуштарды жөнгө салуу үчүн айыл чарба сугат жерлери, башка жерлер (прочие земли) жана курулуш астындагы жерлерге - 0,06 га, суусуз - кайрак, жайыт жерлерге 0,12 га өлчөмүндө мыйзамдаштыруу бекитилсин.
4. Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн Боз айылынан 220га жерлер мыйзамдуу трансформация болгонуна байланыштуу “Жер мунапысы” боюнча комиссия кароосунан алып коюлсун.
5. Токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Токторовго жүктөлсүн
6. Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин агрардык жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Баймурзаевго тапшырылсын.
Төрага
Б.Юрсунов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.