Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ак-Турпак айылдык кеңешинин 2023-жылдын 14 ноябры № 25 «Оомат-Ордо» ЖЧКнын директору К.Жолдошовдун кайрылуусу жөнүндө» токтому
АК-ТУРПАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ак-Турпак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XIV сессиясынын
2023-жылдын 14 ноябры № 25
«Оомат-Ордо» ЖЧКнын директору К.Жолдошовдун
кайрылуусу жөнүндө
“Оомат-Ордо” ЖЧКнын директору К. Жолдошовдун 2023-жылдын 16-октябрындагы билдирүүсүн угуп жана кеңири талкуулап Ак-Турпак айылдык кеңешин сессиясы токтом кылат:
1. “Оомат -ордо “ ЖЧКнын бизнес проектиси жактырылсын.
2. “Оомат-Ордо “ЖЧКна ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн айыл өкмөтүнүн аймагындагы асылдуулугу төмөн пайдаланылбай бош жаткан жерлерден сунушталсын.
3.Сунушталган жердин түрүн аныктоо үчүн тиешелүү мекеме -ишканаларга жөнөтүлсүн. Сунушталган жер асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлеринин жайыт түрүндө болуп аныкталса, Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 5-августундагы № 85 Мыйзамы менен бекитилген жобого негиз райондук мамлекеттик администрациясында түзүлгөн жер маселелери боюнча комиссияга сунушталсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага
А.Имаров
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.