# Ак-Таш айылдык кеңешинин 2024– жылдын 24-январындагы № 13/4 "Ак-Таш айыл аймагынын тургундарыны турак жай куруу үчүн жер тилкелери менен камсыз кылуу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Ак-Таш айылдык кеңешинин 2024– жылдын 24-январындагы № 13/4 "Ак-Таш айыл аймагынын тургундарыны турак жай куруу үчүн жер тилкелери менен камсыз кылуу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 13/4
- Дата принятия: 24.01.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 24.01.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230008094>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-28234/edition/10037/ru>

> Текст приведён по редакции от 24.01.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ак-Таш айылдык кеңешинин 2024– жылдын 24-январындагы № 13/4 "Ак-Таш айыл аймагынын тургундарыны турак жай куруу үчүн жер тилкелери менен камсыз кылуу жөнүндө" токтому (ред. от 24.01.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230008094

---

АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Таш айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезектеги XIII сессиясынын отуруму

2024– жылдын 24-январы № 13/4

Ак-Таш айыл аймагынын тургундарыны турак жай куруу үчүн жер тилкелери менен камсыз кылуу жөнүндө Ак-Таш айыл аймагынын Барак айылынын тургундарынын кайрылуу катын жана Ак-Таш айыл аймагындагы жарандар үчүн трансформацияланып келген Отуз-Адыр (Беш-Үй) участкасындагы 76,0 га кайрак айдоо жер аянтын карап чыгып, талкуулап Ак-Таш айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. Ак-Таш айылдык Кенеши Барак айылындагы 208,0га жерди Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын мамлекеттер аралык делимитация жана деморкациялоо боюнча жумушчу тобунун макулдашуусу менен жер алмаштырылып жаткандыктан, Барак айылынын тургундарынын макулдугу менен 0,08га жер тилкесин ажыратып берүүгө айылдык кеңештин депутаттарына кайрылуу жасагандыгына байланыштуу, ар бир жаранга бериле турган жер аянты 0,08 га эсебинде ген пландын негизинде жер тилкеси берилсин (берилүүчү жер Барак айылынын тургундарына тактап айтканда 208,0га жер аянтына тиешелүү).

2. Ак-Таш айылдык Кеңеши Ак-Таш айыл аймагына караштуу Отуз-Адыр (Беш-Үй) участкасында жайгашкан 76,0 га кайрак айдоо жер аянты “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына (трансформациялоо) которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министерлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы №697 токтомунун негизинде ар бир жаранга бериле турган жер аянты 0,06 га эсебинде бекитилсин.

3. Тийиштүү иш кагаздарын даярдоо Ак-Таш айыл өкмөтүнүн жер адиси Э.Мурзаевге милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Таш айыл өкмөтүнүн

жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участогун ажыратып берүү боюнча комиссиянына жүктөлсүн.

Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы

А.Аматов
