# Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 19-апрелиндеги "Балык чарба уюштурууга жер аянтын (которууга) трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө"№10/69 токтому

- Полное наименование: Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 19-апрелиндеги "Балык чарба уюштурууга жер аянтын (которууга) трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө"№10/69 токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 10/69
- Дата принятия: 19.04.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 19.04.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230008044>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-28195/edition/9990/ru>

> Текст приведён по редакции от 19.04.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 19-апрелиндеги "Балык чарба уюштурууга жер аянтын (которууга) трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө"№10/69 токтому (ред. от 19.04.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230008044

---

Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ Депутаттардын VII чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз X-сессиясы 2024-жылдын 19-апрели №10/69 Балык чарба уюштурууга жер аянтын (которууга) трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы № 43 токтому менен бекитилген жобого, «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» мыйзамга ылайык Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык балык чарба уюштуруу үчүн Төлөк айылындагы төмөндөгү контурлар №1698, №1701, №1702, №1706, №2074 (жайыт жер түрүн), №1709 (мал айдап өтүүчү жол) Чокой-Булак участкасындагы – жалпысы 6,0 га жер аянтын жердин максаттык багытына же түрүнө (которууга) трансформациялоого макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу менен Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын жер комиссиясына сунуштоо жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М. Асанбаевге милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жер, жайыт, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш, транспорт жана экология, айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага:

А. Дүйшөнбек уулу
