# Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 19-апрелиндеги "Жер аянттарын (которууга) трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө" №10/68 токтому

- Полное наименование: Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 19-апрелиндеги "Жер аянттарын (которууга) трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө" №10/68 токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 10/68
- Дата принятия: 19.04.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 19.04.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230008041>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-28193/edition/9988/ru>

> Текст приведён по редакции от 19.04.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 19-апрелиндеги "Жер аянттарын (которууга) трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө" №10/68 токтому (ред. от 19.04.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230008041

---

Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ Депутаттардын VII чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз X-сессиясы 2024-жылдын 19-апрели №10/68 Жер аянттарын (которууга) трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы № 43 токтому менен бекитилген жобого, «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» мыйзамга ылайык Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:

1. Төлөк айылындагы контур №2246, №2287 Көк-Тай – 1,38 га, контур №2216, №2217 Бучук – 0,90 га учаскаларындагы БСРди айыл өкмөтүнүн муниципалдык балансасына алууга жердин максаттык багытына же түрүнө (которууга) трансформациялоого макулдук берилсин.

2. Бишкек-Сары-Булак-Торугарт унаа жолунун Сары-Булак айылындагы соода вагондору турган контур №1803 – 0,12 га жер аянтты айыл өкмөтүнүн муниципалдык балансасына алууга жердин максаттык багытына же түрүнө (которууга) трансформациялоого макулдук берилсин.

3. Сары-Булак-Ак-Кыя-Арчалы унаа жолундагы контур №178 Ак-Кыя – 1,0 га, контур №4 Сары-Булак – 1,0 га жана контур №2290, №2293 Төлөк – 1,0 га таштанды төгүлүүчү жайлар (полигондор) турган жер аянттарды айыл өкмөтүнүн муниципалдык балансасына алууга жердин максаттык багытына же түрүнө (которууга) трансформациялоого макулдук берилсин.

4. Сары-Булак-Ак-Кыя-Арчалы унаа жолунун Сары-Булак айылындагы контур №4 (а.ө. кеңсесин курууга) – 0,25 га жер аянтты айыл өкмөтүнүн муниципалдык балансасына алууга жердин максаттык багытына же түрүнө (которууга) трансформациялоого макулдук берилсин.

5 Сары-Булак-Ак-Кыя-Арчалы унаа жолунун Сары-Булак айылындагы контур №1 (мектеп курууга) -1,0га жер аянтты айыл өкмөтүнүн муниципалдык баласасына алууга жердин максаттык багытына же түрүнө (которууга) трансформациялоого макулдук берилсин.

6. Бишкек-Сары-Булак-Торугарт унаа жолунун Сары-Булак айылындагы контур №1800 – 1,78 га, (калктуу конушту кеңейтүүгө) жер аянтты айыл өкмөтүнүн муниципалдык балансасына алууга жердин максаттык багытына же түрүнө (которууга) трансформациялоого макулдук берилсин.

7. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М. Асанбаевге милдеттендирилсин.

Төрага:

А. Дүйшөнбек уулу
