# Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 20-февралындагы №3 "«Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесин түзүү жөнүндө" токтому.

- Полное наименование: Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 20-февралындагы №3 "«Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесин түзүү жөнүндө" токтому.
- Вид акта: Постановление
- Номер: 3
- Дата принятия: 20.02.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 13.05.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230008024>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-28180/edition/9977/ru>

> Текст приведён по редакции от 13.05.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 20-февралындагы №3 "«Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесин түзүү жөнүндө" токтому. (ред. от 13.05.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230008024

---

ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы

2024-жылдын 20-февралы № 3 «Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесин түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 "Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" Токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин жана “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтомун жетекчиликке алып, Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.«Үч-Төбө» жана «К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөттөрүн» бириктирүү жолу менен «Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси болуп кайра түзүлсүн.

Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде: «Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси;

- Расмий тилде: Учреждение «Айыл окмоту Уч-Добо-Алайского айылного аймака»

Кыскартылган фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде: «Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмотү» м-и.

- Расмий тилде: У-е «Айыл окмоту Уч-Добо-Алайского айылного аймака»

2.«Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмотү» мекемесине өткөрүп берүү актысы бекитилсин.

3. «Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүнүн» Жобосу бекитилсин.

4. «Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмотү » юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Алай району, Сопу-Коргон айылы, М.Мамакова көчөсү № 15 болуп аныкталсын.

5. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.

Төрага:

Асантай уулу А.
