# Жекенди айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-февралындагы №9 "Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которуу (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө" токтому.

- Полное наименование: Жекенди айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-февралындагы №9 "Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которуу (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө" токтому.
- Вид акта: Постановление
- Номер: 9
- Дата принятия: 29.02.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 14.05.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230008002>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-28164/edition/9957/ru>

> Текст приведён по редакции от 14.05.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жекенди айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-февралындагы №9 "Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которуу (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө" токтому. (ред. от 14.05.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230008002

---

ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Жекенди айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма үчүнчү сессиясы 2024-жылдын 29-февралы № 9 Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которуу (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин Жекенди айылдык аймагына караштуу бадал эсебиндеги № 1923 контурундагы 0,50 га жер аянтын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, “Айыл чарба багытындагы бадалдуу жерлер” категориясында турган 0,50 га бадалдуу жер аянтынан “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык кеңешинин кезексиз жыйырма үчүнчү сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин Жекенди айылдык аймагына караштуу бадал эсебиндеги № 1923 контурундагы 0,50 га жер аянтын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, “Айыл чарба багытындагы бадалдуу жерлер” категориясында турган 0,50 га бадалдуу жер аянтынан “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү сунушу жактырылсын.

2. Жекенди айылдык аймагына караштуу бадал эсебиндеги № 1923 контурундагы 0,50 га жер аянтын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, “Айыл чарба багытындагы бадалдуу жерлер” категориясында турган 0,50 га жер бадалдуу жер аянтынан “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

3.Тийиштүү документтерди бүтүрүп Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясына сунуш берүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге милдеттендирилсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Эшовго тапшырылсын.

Төрага

А.Абдукалилов
