Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ак-Татыр айылдык кеңешинин «Баткен токой чарбасынын жайытына чыгуу үчүн мал башына төлөнүүчү тарифти бекитүү жөнүндө» токтому
АК-ТАТЫР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз Х сессиясы
2024-жылдын 17–майы №27
Баткен токой чарбасынын жайытына чыгуу үчүн мал башына төлөнүүчү тарифти бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги токой чарба кызматынын Баткен токой чарбасынын 2024-жылдын 30-апрелиндеги №11 сандуу катын 2024-жылдын 17-майында Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясынын жүрүшүндө ар түрдүү маселелердин катарында каралып, токой чарбасынын жайытына чыгуу үчүн тарифтерди бекитүүдө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги №192 “Мамлекеттик токой фондун пайдалануу жана тескөө тартиби жөнүндө” токтомунун “Чөп чабуу жана мал жаюу“ 40-41-пункттарын негиз кылып, Ак-Татыр айыл аймагынын ЖПБнин жайыт комитети иштеп чыккан бааларга ылайык, карап жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы Токтом кылат
1. Баткен токой чарбасынын жайытына чыгуу үчүн мал башына төлөнүүчү тарифи таблицада көрсөтүлүп бекитилди.
1
Ийри мүйүздүү малдар үчүн (КРС)
1 айга 30 сом
30*5=150 сом
2
Музоолору үчүн
1 айга 15 сом
15*5=75 сом
3
Майда малдар үчүн (МРС)
1 айга 8 сом
8*5=40 сом
4
Козу-улактар үчүн
1 айга 8 сом
8*5=40 сом
5
Жылкылар үчүн
1 айга 30 сом
30*5=150 сом
6
Кулундар үчүн
1 айга 30 сом
30*5=150 сом
7
Топоздор үчүн
1 айга 30 сом
30*5=150 сом
8
Мамалактары үчүн
1 айга 30 сом
30*5=150 сом
Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Нурмаматовго жүктөлсүн.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Татыр айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнүн жайыт комитет адиси А. Камаловго жүктөлсүн.
3. Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыяланды.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага: Ысаков.С.Б
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.