# Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2024-жылдын 17-майы №26 "Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн ЖПБнин жайыт комитетинин 2024-жылга тарифин, бюджетин жана иш планын бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2024-жылдын 17-майы №26 "Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн ЖПБнин жайыт комитетинин 2024-жылга тарифин, бюджетин жана иш планын бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 26
- Дата принятия: 17.05.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 17.05.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230007828>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-28021/edition/9765/ru>

> Текст приведён по редакции от 17.05.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2024-жылдын 17-майы №26 "Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн ЖПБнин жайыт комитетинин 2024-жылга тарифин, бюджетин жана иш планын бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 17.05.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230007828

---

АК-ТАТЫР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Ак-Татыр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз Х сессиясы

2024-жылдын 17–майы № 26

Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн ЖПБнин жайыт комитетинин 2024-жылга тарифин, бюджетин жана иш планын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №735 токтомунун 1-тиркемеси, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндөгү убактылуу жобосуна ылайык, айыл өкмөтүнүн башчысы К. Нурмаматовдун билдирүүсү, Ак-Татыр ЖПБнин жайыт комитетинин 2024-жылга жайыттарды пайдалануу үчүн бир ШМБ көрсөтүлгөн тарифи,бюджети, жана иш планын, карап жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги Х сессиясы Токтом кылат

Жайыт комитетинин 2024-жылга жайыттарды пайдалануу үчүн бир ШМБ көрсөтүлгөн тарифи жана ички эрежелери, 1-тиркемеге ылайык бекитилсин. Жайыт комитетинин 2024-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша сметасы, 2-тиркемеге ылайык бекитилсин. Жайыт комитетинин 2024-жылга түзүлгөн иш планы, 3-тиркемеге ылайык бекитилсин. Ушул токтомдун аткарылышы Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы К. Нурмаматовго жүктөлсүн.

Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

4. Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыяланды.

5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Тиркеме; 3 баракта, 4 нускада. Төрага: Ысаков С.

1-тиркеме Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги Х сессиясынын №26 токтомуна тиркеме

Ак-Татыр айыл аймагынын ЖПБнин 2024-жылга мал башына төлөнүүчү тарифи жана ички эрежелери

1.Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн жайыттарын эффективдуу пайдаланууда жайлоого чыккан атуулдардын малдарына жайыт төлөмү төмөндөгүдөй бекитилсин.

А) Ири муйуздуу малдарга мезгилге - 150 сом сом

Б) Музоо (бир жашка чейин) мезгилиге - 75 сом

В) Кой эчкилерге айына -8 сом

Г) Козу-Улактар айына -8 сом

Д) Жылкы айына - 150 сом

Е) Топозго айына- 150 сом

2. Жайкы жайыттарды пайдаланууга 2024-жылдын 15-апрелинен 30-сентябрга чейин уруксат берилсин.

3. Кышкы жана жазгы жайыттарды пайдаланууга, 2025-жылдын майына чейин уруксат берилсин.

4. Жайытка чыккан ар бир тутунго 1000 сом тутун пулу алынсын.

5. Жайлоого чыккан малдарга айыл өкмөтүнөн жана малдардын эмделгендиги жөнүндө вет адисинен алынган справкалар көрсөтүлсүн жана талап кылынсын.

6. Жайытка чыккан малдардын эсебин алууда жеке-вет адистер, жайыт комитети менен биргеликте иш алып барсын.

7. Жайыттардын башкаруу ыйгарым укугу жайыт комитетине акттын же келишимдин негизинде өткөрүлүп берилсин.

8. Жайыт пайдалануучу ,ЖтК менен а) арыз жазып б) келишим тузуп в) жайыт акысын төлөп г) жайыт билет алып пайдалансын.

9. Башка А/Ө малдары, Ак- татыр а/а жайытын пайдалангандыгы учун “ШМБ” бир айга 25 (жыйырма беш) сомдон жайыт акы алынсын.

10. Атайын-техникасы айыл чарба-техникасы жана кочмо кыркымкана, жайыттарды башка максатта пайдаланууну жайыт комитети келишим менен иш алып барсын.

11. Ак-Татыр айыл аймагынын жайыттарын тактоо максатында жумушчу топ түзүлсүн.

12. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Ак-Татыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

ЖПБнин Жайыт комитетинин төрагасы: Камалов А.

2-тиркеме

Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги Х сессиясынын №26 токтомуна тиркеме

Ак-Татыр айыл аймагынын ЖПБнин жайыт комитетинин бюджети 2024-жылга киреше жана чыгаша сметасы.

№

Кирешелер болугу

Сумма сом

1

Жайыт акынан тушкон киреше

203860

2

Тутун пулу

9 000

3

Беларусь-892,2

44540

4

Беларусь-82,1

75 000

Бардыгы:

332 400

№

Администрациялык чыгым

Айы

Сумма сом

Сумма Сом

1

Жайыт инфраструктуурасын жакшыртуу

120000

2

Жайытка маниторинг жургузуу

6000

3

Зыянкечтерге каршы курошуу

0

4

Транспорттук чыгым

19500

5

Техниканын туруктуулугун камсыздоо

17500

6

Ар түрдүү чыгымдар

7800

7

Карыздар мурда иштеген кызматкерлерге

50578,4

Бардыгы:

221378,4

№

Чыгаша болугу

Сумма

1

Жер салыгы

7,7

21 862

2

Жергиликүү бюджетке, Айыл өкмөткө

33,4

89 159,6

Бардыгы:

3/1

111 021,6

ЖПБнин Жайыт комитетинин төрагасы: Камалов А.

3-тиркеме Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги Х сессиясынын №26 токтомуна тиркеме

Ак-Татыр айыл аймагынын ЖПБнин жайыт комитетинин жайыт инфраструктуурасын жакшыртуу, иш планы 2024-жылга.

№

Аткарылуучу жумуштар

Аткарылуучу мооноту

Сарпталуучу каражат

Жооптуу

1

Геревшин жайлоосуна баруучу жолдогу таштарды тазалап жолдорду ондоого.

Май-Июнь айына

1.Инвестиция тартуу.

2.Жайыт бюджетинен

ЖтК торогасы

2

Каракчыга мал суу ичуучу жай куруу

Сентябрь айына

1.Инвестиция тартуу.

2.Жайыт бюджетинен

ЖтК торогасы

ЖПБнин Жайыт комитетинин төрагасы: Камалов А.
