Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Жошолу айылдык кеңешинин «Жошолу айыл өкмөтүнүн Аюу-Тапан айылына караштуу Өрүктүү участкасынын Кызыл-Булак көчөсүнө эмгек ардагери Ажиев Зикирдин атын коюу жөнүндө» токтому.
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Жошолу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы 2024-жылдын 26-январы № 28/8 Жошолу айыл өкмөтүнүн Аюу-Тапан айылына караштуу Өрүктүү участкасынын Кызыл-Булак көчөсүнө эмгек ардагери Ажиев Закирдин атын коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" 1997-жылдын 25-сентябрындагы №67 мыйзамынын 7-статьясьнын негизинде Жошолу айыл өкмөтүнүн Аюу-Тапан айылына караштуу Өрүктү участкасынын Кызыл-Булак көчөсүнө эмгек ардагери Ажиев Зикирдин атын коюу боюнча элдик жыйындын протоколун угуп жана талкуулап Жошолу айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл өкмөтүнүн Аюу-Тапан айылынын 2024-жылдын 23-январындагы элдик жыйынынын протоколу жактырылсын.
2. Жошолу айыл өкмөтүнүн Аюу-Тапан айылына караштуу Өрүктү участкасынын Кызыл-Булак көчөсу эмгек ардагери Ажиев Зикир атындагы көчө болуп аталсын.
3. Ушул кабыл алынган токтомдун негизинде мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Жээнбековго милдеттендирилсин ал эми көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Орозбай уулуна тапшырылсын.
Төрага:
А.Танаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Закон «О географических названиях в Кыргызской Республике»Закон · 25.09.1997 · № 67