# Ылай-Талаа айылдык кеңешинин 2024-жылдын 26-январындагы №15/4 "Ылай-Талаа айыл аймагындагы Жылкол айылынын “Салаа Таш” участкасындагы жер аянтына чакан корук (микрозаповедник) уюштуруу жөнүндө" токтому.

- Полное наименование: Ылай-Талаа айылдык кеңешинин 2024-жылдын 26-январындагы №15/4 "Ылай-Талаа айыл аймагындагы Жылкол айылынын “Салаа Таш” участкасындагы жер аянтына чакан корук (микрозаповедник) уюштуруу жөнүндө" токтому.
- Вид акта: Постановление
- Номер: 15/4
- Дата принятия: 26.01.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 29.02.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230007488>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-27745/edition/9444/ru>

> Текст приведён по редакции от 29.02.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ылай-Талаа айылдык кеңешинин 2024-жылдын 26-январындагы №15/4 "Ылай-Талаа айыл аймагындагы Жылкол айылынын “Салаа Таш” участкасындагы жер аянтына чакан корук (микрозаповедник) уюштуруу жөнүндө" токтому. (ред. от 29.02.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230007488

---

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин (VII чакырылыштагы ) кезектеги XV сессиясы 2024-жылдын 26-январы №15/4 Ылай-Талаа айыл аймагындагы Жылкол айылынын “Салаа Таш” участкасындагы жер аянтына чакан корук (микрозаповедник) уюштуруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы №554 “Микрокоруктарды жана жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүү жана алардын иштөө тартиби тууралуу” токтомун, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 22-беренесинин 2.1-пунктун жетекчиликке алып Ылай-Талаа айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ылай-Талаа айыл аймагындагы Жылкол айылынын “Салаа Таш” участкасындагы таштак жайыт багытындагы жерден 10 (он) га жер аянтына чакан корук (микрозаповедник) уюштурууга уруксат берилсин.

2. Чакан коруктун юридикалык документтерин даярдап бүтүрүп ишке ашыруу жагы “Орчун” жамааттык бирикмесинин башчысы А.Чатаевге милдеттендирилсин.

3. Уюштуруу иштерине көмөк көрсөтүү жагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовго тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы М.Исабаев) тапшырылсын.

Төрага:

Н.Айтбаев
