Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Н.Исанов атындагы айыл Кенешинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы №495 токтомунун негизинде Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу маданият мекемелериндеги типтүү штаттык бирдиктерди жөнгө салуу жөнүндө» токтому
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айыл Кенешинин № 7 чакырылышынын кезектеги 23- отуруму (сессиясы)
2021-жылдын 31-июля № 23-4 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы №495 токтомунун негизинде Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу маданият мекемелериндеги типтүү штаттык бирдиктерди жөнгө салуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы №495 токтомунун негизинде Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу маданият мекемелериндеги типтүү штаттык бирдиктерди жөнгө салуу жөнүндө Ноокат райондук маданият бөлүмүнүн 2021-жылдын 26-январындагы №01-7/12 сандуу кызматтык катына негиз, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап, Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу айылдык китепканаларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы №495 токтомунун негизинде Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу маданият мекемелериндеги типтүү штаттык бирдиктерди жөнгө салуу жөнүндө Ноокат райондук маданият бөлүмүнүн 2021-жылдын 26-январындагы №01-7/12 сандуу кызматтык каты мыйзам чегинде аткарууга алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы №495 токтомунун негизинде Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу маданият мекемелериндеги типтүү штаттык бирдиктерди жөнгө салуу жөнүндө Ноокат райондук маданият бөлүмүнүн 2021-жылдын 26-январындагы №01-7/12 сандуу кызматтык катын мыйзамдуу карап,чечип берүү ФЭБ башчы М.Ботобаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин “Экономика ,бюджет ,соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Н. Жолдошов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.