Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
«Аймактык башкармалык жөнүндө ЖОБО» Жобо (Жалал-Абад шаардык кеңешинин)
Жалал-Абад шаардык кеңештин 14.02.2024-жылдагы кезексиз XXXVII сессиясынын №1-токтомуна №2-тиркеме
Аймактык башкармалык жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жобо
1. Аймактык башкармалык өз ыйгарым укуктарынын чектеринде жергиликтүү коомчулуктун суроо талаптарын камсыз кылуу жана турмуш тиричилик иштерин башкарууну жүзөгө ашыруучу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы аткаруу-тескөө органы болуп эсептелет.
2. Аймактык башкармалыктар өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конститутциясын жана Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президенттин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен мэриянын чечимдерин, тапшырмаларын жетекчиликке алат жана аткарат.
3. Аймактык башкармалык калк жана коомдук уюмдар менен карым-катнашта иш жүргүзөт, жергиликтүү маанидеги иштерди башкарууга катышуу үчүн жарандардын укугун коргоону камсыз кылат жана аларды ишке ашыруу үчүн шарт түзөт.
4. Аймактык башкармалык тийиштүү убакта мэриянын алдында, ошондой эле аймактык башкармалыгындагы жашоочулардын жыйындарында отчет берет.
5. Аймактык башкармалыктар өз иш аракетин төмөндөгүдөй принциптерде ишке ашырат:
- Мыйзамдуулуктун;
- Шаардын мэриянын жана жашоочулардын алдында отчеттуулуктун;
- Жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоонун;
- Коомдук пикирди эске алуунун;
- Өздөрү тарабынан түзүлгөн иш-чараларды бекитүү менен анын аткаруусун камсыз кылуунун;
- Жергиликтүү бюджетте белгиленген сметанын негизинде каржылоонун камсыз кылуунун жана анын мыйзам чегинде сакталышын;
- Тийиштүү салыктар жана жыйымдардын төлөмүн аткаруунун;
- Социалдык акыйкаттуулуктун;
- Маалымдуулуктун, коомдук пикирди эске алуунун;
- Жергиликтүү жана мамлекеттик таламдарды айкалыштыруунун;
- Аткаруу тескөө органдардын милдеттери менен ыйгарым укуктарын сактоонун;
- Өздөрү тарабынан өткөрүлгөн иш-чараларды бекитилген сметанын негизинде каржылоонун жана камсыз кылуунун;
- Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө өз алдынчалуулуктун жана өз ишмердигинин жыйынтыктары боюнча жергиликтүү коомчулуктун ал эми берилген ыйгарым укуктарын аткаруу боюнча шаардык мэриянын алдында жоопкерчиликтин принциптеринде иш жүргүзөт.
2. Аймактык башкармалыктын негизги функциялары.
1. Аймактык башкармалык аткаруу - тескөөчү орган катары төмөндөгүдөй функцияларды ишке ашырат:
- Аймактык башкармалыгынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программаларынын долбоорун мэрияга сунуштоо;
- Жергиликтүү коомчулуктун муниципалдык менчигин жана финансы ресурстарын башкаруу (мыйзма чегинде);
- Калкка кызмат көрсөтүү;
- Жергиликтүү маанидеги токой, суу жана жол чарбасындагы социалдык инфраструктуралардын объектилерин калыбына келтирүү, оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн зарыл учурларда аймактын калкын аларга чакыруу ыкмасы менен, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан мекеме-ишканалардын жана уюмдардын эмгектик финансалык, техникалык жана башка ресурстарын тартуу;
- Жергиликтүү коомчулуктун жашоосун камсыз кылуучу муниципалдык менчиктеги бардык объектилерди мыйзам чегинде сарамжалдуу пайдалануу жана оңдоо, аймагында санитардык абалга көзөлмөл жүргүзүү жана аны тазалоо, ыңгайлаштыруу жана жашылдандыруу боюнча иш-чараларды уюштуруу;
- Калктуу пунктарды куруунун башкы планына жана аймактык башкармалыкка караштуу аймактарда курулуштун нормаларын сакталышына көзөмөл кылуу;
- Мектептен билим алууга жана медициналык жактан тейлөөгө жарандардын укуктарын сактоого көмөк көрсөтүү;
- Тарыхий жана маданий эстеликтерди коргоо боюнча иш-чараларды уюштурууга көмөктөшүү;
- Турак жай фондусун түзүү жана аларды күтүү;
- Жаңы жумушчу орундарды түзүү боюнча иштерди уюштуруу;
- Айыл чарбасына караштуу жерлерди сарамжалдуу пайдаланууга көзөмɵл кылуу;
- Сарамжалсыз жана мыйзамсыз пайдаланган жерлерди алып коюу жөнүндө тиешелүү органдарга сунуш киргизүү;
- Жергиликтүү коомчулуктун турмуш тиричилигин жогорку деңгээлге жеткирүү максатында Эл аралык донорлор, ички жана тышкы инвестицияларды тартуу;
- Жергиликтүү коомчулуктун атайын жер фондусун түзүү;
-Дыйкан жана жеке көмөкчү чарбаларды техника азыктүлүгү жогору жана асыл тукум мал, үрөн, көчөт менен камсыз кылууга көмөктөшүү, аларга айыл чарба продукцияларын өндүрүүгө, кайра иштетүүдө, сактоодо жардам көрсөтүү;
- Калктуу пунктарга таза ичүүчү суу менен жетиштүү камсыз кылуу, сугат суусун бөлүштүрүүнү жана аны сарамжалдуу пайдаланууну көзөмөлдөө;
- Ветеринардык иш-чараларды өз учурунда өткөрүүгө көзөмөл кылуу, ветеринардык жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу;
- Мыйзамда каралган учурларда жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана айыптарды жыйноого көмөктөшүү;
- Жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана айып санкцияларын колдонуудагы мыйзамдарга ылайык белгилөө боюнча мэрияга сунуштоо;
- Мамлекеттик жана гуманитардык жардамдардын материалдык, акчалай жана башка түрлөрүн мыйзам чегинде бөлүштүрүүнү уюштурууга көмөк көрсөтүү;
- Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндөгү мыйзамдарды коргоо, аткаруу, жердин жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу, санитардык нормаларды жана эрежелерди сактоо, экологиялык иш-чараларды жүргүзүү боюнча ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин, башка чарба жүргүзүүчү субъектилердин ишине көзөмөл кылуу;
- Аймакта мыйзамдардын жана коомдук тартиптин сакталышын камсыз кылуу, коомдук түзүлүштөрдү жана аксакалдар сотун уюштуруу менен аларды имарат жана тиешелүү эмеректер менен камсыздоо;
- Калктын эс алуусун уюштуруу, маданий, спорттук жана башка иш-чараларды өткөрүү;
- Шайлоолорду, референдумдарды Шайлоо Кодексине ылайык уюштурууну камсыз кылуу;
- Табигый кырсыктарды, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана четтетүү боюнча зарыл болгон мобилизациялык жана практикалык иш-чараларды уюштурууга көмөк көрсөтүү;
- Жарандарды, чарбаларды Санарип Аймак базасына каттоонун жана каттоодон чыгаруу белгиленген тартипте жүргүзүү;
- Керек учурларда жана мыйзамда каралган тартипте ишеним каттарды берүү;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу.
3. Аймактык башкармалыктын ишмердигинин негиздери.
1. Аймактык башкармалыктын түзүмү бөлүштүрүлгөн милдеттерге ылайык функцияларды ишке ашырат, башкармалыктын башчысынын тапшырмаларын аткарат.
2. Аймактык башкармалыктын аймагындагы башкармалыктын башчылары тарабынан көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн башкармалыктын аймагындагы жайгашкан мекеме ишканалардын жетекчилеринин (менчигинин түрүнө карабастан) катышуусу менен отурум өткөрүүгө укуктуу.
3. Муниципалдык аймактык башкармалыктын типтүү түзүмү жана штаттык бирдиктери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-сентябрындагы № 566-токтомунун 2-пунктуна ылайык шаардык кеңеш тарабынан бекитилет.
4. Аймактык башкармалык жергиликтүү коомчулуктун пикир келишпестик, талаш-тартыш маселелер болгон учурда жергиликтүү коомчулуктун мыйзамдын таламдарын коргоо үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жогорку органдарга жана сотко кайрылууга укуктуу.
5. Аймактык башкармалыктын башчысы кол койгон, анын компетенциясына кире турган маселелер боюнча чечим кабыл ала алат.
6. Аймактык башкармалыктын ыйгарым укуктарынын чектеринде чыгарылган тиешелүү аймактарда аткарылууга милдеттүү.
7. Аймактык башкармалык юридикалык жак болуп саналат, анын мөөрү өз аталышы менен белгиленген үлгүдөгү штампы жана титулдук баракчасы болот.
4. Аймактык башкармалыктын жетекчиси.
1. Муниципалдык аймактык башкармалыгынын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында жана ушул жободо белгиленген ыйгарым укуктарынын чектеринде жергиликтүү коомчулуктун иштерин жүзөгө ашыруучу аймактык башкармалыгынын башкы кызмат адамы болуп саналат.
- Аймактык башкармалыктын башчысы Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык мэрия тарабынан дайындалат.
2. Аймактык башкармалыктын башчысы мэрия менен биргеликте ички кадрлар резервинин негизде бекитилген типтүү түзүм жана штаттык бирдике ылайык аймактык башкармалыктын аппаратын түзөт жана иш аракетине жетекчилик кылат, өз ыйгарым укуктарын чектерине буйруктарын чыгарат, ошондой эле ага баш ийген аймактагы иштин абалына жеке жоопкерчилик тартат.
3. Аймактык башкармалыктын башчысы өз кызмат милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткарбаган учурда же өз арызы менен шаардын мэри тарабынан кызматтан бошотулат.
5. Аймактык башкармалыктын ишмердигинин финансалык-экономикалык негиздери.
1. Аймактык башкармалыктын ишмердигинин финансалык-экономикалык негизин муниципалдык менчик жана төмөнкү финансалык ресурстар түзөт:
- Жергиликтүү коомчулукка берилген жер аянттары, жайыттар, ошондой эле жергиликтүү маанидеги токой, суу жана жол чарбаларынын объектилери;
- Аймактык башкармалыгы финансы-экономикалык ишмердигин жүргүзүүсү мэрия аркылуу бекитилген сметанын негизинде жүргүзүүгө укуктуу.
6. Аймактык башкармалыгын кайра түзүү жана жоюу.
1. Аймактык башкармалыгын кайра түзүү жана жоюу уюштуруучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык тиешелүү органдар тарабынан аныкталат.
Жооптуу катчы:
О.Эшенкулов
Жалал-Абад шаардык кеңештин 14.02.2024-жылдагы кезексиз XXXVII сессиясынын №1-токтомуна №3-тиркеме
Молдомуса Конгантиев атындагы аймактык башкармалыгынын чек аралары
№
аталышы
Кожолуктун саны
Калктын саны
1.
Таш-Булак айылы
1567
8844
2.
Курманбек-3 кɵч.(Балбаков Ормок)1-37,2-36, Курманбек 1,2 чакан кɵчɵ-1-20,1-19; Курманбек 4-көч. 1-37,2-34 Курманбек 5-көч. (Жаныш Ашимов)1-47,2-36; Курманбек 6-көч. (Базарбаев Жолдош)1-49,1-46; Курманбек -7-көч. 1-49,2-48; Курманбек 8-көчөсү 1-45, 2-50 Курманбек 10- көчөсү 1-12, Курманбек 11-көчөсү 1-21, 2-22 Курманбек 12-көчөсү 1-21, 2-22 Курманбек 2-көчөсү (Алымкулов Токторали) 1-31, 2-38 Арча-Бешик кɵчɵсү 1-39,2-58, А.Исраилова 1-49, 2-42,42 А.),
552
1696
3.
Доскана
291
1425
4.
Жаны Арал
144
791
5.
Тɵш-Кутчу
471
1894
Бардыгы
3025
14650
Тайгараев аймактык башкармалыгынын чек аралары
№
аталышы
Кожолуктун саны
Калктын саны
1.
Кыргызстан
273
1282
2.
Качкынчы
422
1705
3.
С.Жээнбеков
352
1296
4.
Тоо Кызыл-Суу
121
543
5.
Камандар
185
1486
6.
Кызыл-Суу 2
485
2176
7.
Ынтымак
601
3326
8.
Чолок-Терек
247
1323
9.
Гюльстан
172
922
Бардыгы
3329
14053
Спутник аймактык башкаруусунун курамы
№
аталышы
Кожолуктун саны
Калктын саны
1.
Спутник м-р
4110
22100
2.
Ырыс
169
2141
3.
Ладан-Кара
1638
9476
Бардыгы
5917
33717
Достук аймактык башкаруусунун курамы
№
аталышы
Кожолуктун саны
Калктын саны
1.
Достук м-ну
5906
26971
2.
Авиационный, Курманбек, Абдрахманова
240
960
3.
Сатыбалдиев 1-93, Абиджанов 1-27, Юльчибаев-1-49, Сузак 1-73, С.Айтбаев 1-72,Сузак тупик барак 2-36, Сузак 1-4, пр. Байзакова 196-222 Көп кабаттуу үйлөр Пр.Байзаков 182/48, 176/35,178/35,180/35,
200
384
1000
1088
Бардыгы
6730
30019
Курманбек аймактык башкаруусунун курамы
№
аталышы
Кожолуктун саны
Калктын саны
1.
Курманбек м-ну
5460
26132
2.
Барпы Сейил (сол тарабы), Нагорный (1-169,жуп: 2-200,200/2006; Пер.Нагорный 1-7, 2-8; Пер.Октябрьский:1-93/4-146
130
201
135
1864
3.
Рассвет кв.(Камбар-Ата кɵч. Баштап Рассвет 14 кɵч.чейин)
394
1576
4.
Бахор кв. (Бахор 1-кɵчɵдɵн баштап, Солнечная кɵчɵсүнɵ чейин)
430
1720
5.
Электроник кв. (Электрон 1-кɵч.баштап, 12-кɵчɵгɵ чейин)
403
2005
6.
Эшме
11
60
Бардыгы
6770
33357
Ч.Айтматов аймактык башкаруусунун курамы
№
аталышы
Кожолуктун саны
Калктын саны
1.
Ч.Айтматов м-ну
4030
17835
2.
Чоко-Добо
210
2924
3.
Пригородный
422
2006
4.
Дмитровка
808
4005
5.
Домор
524
3097
6.
Масадан
420
2464
Бардыгы
6414
32330
Көк -Арт аймактык башкаруусунун курамы
№
аталышы
Кожолуктун саны
Калктын саны
1.
З.Жамашев 1-123, 2-16
Б.Осмонов көч.125-161,130-138
Пр.Манас 82-168,Дорожный көч. 2-6,1-5
275
1100
2.
Р.Азимов көч. 25-45;
Матанын ичи 1-34; Малабаев 1-34, Кугарт12,
К.Досиев 6,
А.Орозбеков 1-6,
Спутник 9-15; Көп кабаттуу үйлөр:-Р.Азимов 45 /90 батир, 45а/90 батир, 40/82 батир, 21а /40 батир, 22/40 батир, 64/48 батир, 66/60 батир, 64/40 батир, 72/40 батир, 144/100 батир, 21/48 батир, 74/48 батир; Молодежный №1-48 чейин -З.Жамашева №23 (48), 24 (48), 131 (60);
- К.Айтакалов (144-146-148)(Энергетиктер 1,3,4),
барак үйлɵр 2а,2б, 2 г, 2д 48-үй, Профсоюз 30, Жаштык –20, Жеңиш 1-108,
Ж.Тажибаев-1-40,
С.Умаркулов 1-25,
Ж.Айтиев 1-20,
Х.Арапбаев 1-30,
А.Кочкоров 18
1688
6752
3.
Арал
119
638
4.
Ак-Тилек кичи району
804
3416
5.
Ирригатор
258
1520
6.
Живпром
700
2800
7.
Теплица
164
951
8.
Ынтымак (Ала-Тоо ресторанына чейинки сол тарабы)
19
76
Бардыгы
4017
17253
Жооптуу катчы:
О.Эшенкулов
Жалал-Абад шаардык кеңештин 14.02.2024-жылдагы кезексиз XXXVII сессиясынын №1-токтомуна №4-тиркеме
Жалал-Абад шаардык мэриясынын Таш-Булак аймактык башкармалыгынын СТРУКТУРАсы
Жетекчи-1 бирдик Башкы адис-1 бирдик Жетектɵɵчү адис-2 бирдик Айыл башчы-3 бирдик ТОП,МОП-4 Жалпы: 12
Жалал-Абад шаардык мэриясынын Тайгараев аймактык башкармалыгынын СТРУКТУРАсы
Жетекчи-1 бирдик Башкы адис-1 бирдик Жетектɵɵчү адис-2 бирдик Айыл башчы-7 бирдик ТОП, МОП-4 Жалпы: 15
Жалал-Абад шаардык мэриясынын Спутник аймактык башкаруусунун
СТРУКТУРАсы
Жетекчи-1 бирдик Башкы адис-1 бирдик Адис-1 ТОП, МОП-2 Жалпы: 5
Жалал-Абад шаардык мэриясынын Достук аймактык башкаруусунун
СТРУКТУРАсы
Жетекчи-1 бирдик Башкы адис-1 бирдик Адис-1 МОП-1 Жалпы: 4
Жалал-Абад шаардык мэриясынын Курманбек аймактык башкаруусунун
СТРУКТУРАсы
Жетекчи-1 бирдик Башкы адис-1 бирдик Адис-1 МОП-1 Жалпы: 4
Жалал-Абад шаардык мэриясынын Ч.Айтматов аймактык башкаруусунун
СТРУКТУРАсы
Жетекчи-1 бирдик Башкы адис-1 бирдик Адис-1 МОП-1 Жалпы: 4
Жалал-Абад шаардык мэриясынын Көк-Арт аймактык башкаруусунун
СТРУКТУРАсы
Жетекчи-1 бирдик Башкы адис-1 бирдик МОП-1 Жалпы: 3
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Постановление Правительства КР от 10 сентября 2009 года № 566 " Об образовании территориальных управлений сел (поселков) мэрий городов"Постановление · 10.09.2009 · № 566 · Утратил силу