# Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин 2021-жылдын 15-майы № 21-5 "Кожоке айылындагы муниципалдык менчикте турган 0,06 га жер тилкесин мечит салууга ажыратып берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин 2021-жылдын 15-майы № 21-5 "Кожоке айылындагы муниципалдык менчикте турган 0,06 га жер тилкесин мечит салууга ажыратып берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 21-5
- Дата принятия: 15.05.2021
- Статус: Действует
- Редакция от: 15.05.2021
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230007273>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-27579/edition/9227/ru>

> Текст приведён по редакции от 15.05.2021 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин 2021-жылдын 15-майы № 21-5 "Кожоке айылындагы муниципалдык менчикте турган 0,06 га жер тилкесин мечит салууга ажыратып берүү жөнүндө" токтому (ред. от 15.05.2021) - https://aqlex.ai/kg/doc/230007273

---

Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин № 7 чакырылышынын кезектеги 21-отуруму (сессиясы)

2021-жылдын 15-майы № 21-5 Кожоке айылындагы муниципалдык менчикте турган 0,06 га жер тилкесин мечит салууга ажыратып берүү жөнүндө

Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожоке айылынын айыл башчысы У.Абдурахмановдун билдирүүсүнө ылайык, Кожоке тургундарынын суроо-талаптарына, кайрылууларына негиз, Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп,талкуулап,Н.Исанов атындагы Айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожоке айылынын айыл башчысы У.Абдурахмановдун билдирүүсү, Кожоке тургундарынын суроо-талаптары , кайрылуулары канааттандырылсын.

2. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожоке айылындагы муниципалдык менчикте турган 0,06 га жер тилкеси Жер Кодексинин” 4-13-14 беренесине, Кыргыз Республикасынын “Турак жай Кодексинин” 2013-жылдын 9-июлундагы №117 13-88-беренесине, 2011-жылдын 15-июлундагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын 18-41-беренесине негиз мечитсалуу үчүн ажыратып берилсин.

3. Кожоке айылындагы мечитсалуу үчүн ажыратып берилген муниципалдык менчикте турган 0,06 га жер тилкесинин керектүү иш кагаздарын даярдоо айыл өкмөтүнүн Жер боюнча башкы адиси М.Маликовго милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депуттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин « айыл чарба жана жерге жайгаштыруу, экология боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага:

Н.Жолдошов
