# Үч-Коргон айылдык кеңешинин 2024-жылдын 21-майындагы №5/7 "Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Тегирмеч айылында жайгашкан үлүш жерлерде эгилген эгиндерге кароолчу дайындоо жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Үч-Коргон айылдык кеңешинин 2024-жылдын 21-майындагы №5/7 "Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Тегирмеч айылында жайгашкан үлүш жерлерде эгилген эгиндерге кароолчу дайындоо жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 5/7
- Дата принятия: 21.05.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 21.05.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230007244>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-27555/edition/9200/ru>

> Текст приведён по редакции от 21.05.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Үч-Коргон айылдык кеңешинин 2024-жылдын 21-майындагы №5/7 "Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Тегирмеч айылында жайгашкан үлүш жерлерде эгилген эгиндерге кароолчу дайындоо жөнүндө" токтому (ред. от 21.05.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230007244

---

ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Үч-Коргон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын V сессиясы 2024-жылдын 21-майы № 5/7

Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Тегирмеч айылында жайгашкан үлүш жерлерде эгилген эгиндерге кароолчу дайындоо жөнүндө

Үч-Коргон айыл аймагынын Тегирмеч айылынын дыйкан чарбаларынын мүчөлөрүнүн кылкандуу дан эгиндерин мал-жандыктардан коргоп бериңиздер деп жазган арыздарын канаттандыруу максатында

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Үч-Коргон айыл аймагынын Тегирмеч айылынын дыйкан чарба мүчөлөрүнүн элдин үлүш жерлерине эгилген кылкандуу дан эгиндерин мал-жандыктардан коруктап, сактоо үчүн кароолчу дайындалсын.

2. Жусубалиев Абдурашит Аширбаевич Үч-Коргон айыл аймагынын Тактек зонасындагы элдин үлүш жерлерине короолчу болуп дайындалсын.

3. Кароолчунун эмгек акысын дыйкан чарбалардын эсебинин макулдугу менен төлөнүп берилсин.

4. Токтомдун аткарылышы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы О.Шакировго жүктөлсүн.

5. 2021- жылдын 28- октябрындагы №128 Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексиндеги беренелерине ылайык эсептик өлчөмдө айып пул салынсын.

Төрайым

М.Кочконова
