Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Үч-Коргон айылдык кеңешинин «Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Тегирмеч айылында жайгашкан үлүш жерлерде эгилген эгиндерге кароолчу дайындоо жөнүндө» токтому
ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Үч-Коргон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын V сессиясы 2024-жылдын 21-майы № 5/7
Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Тегирмеч айылында жайгашкан үлүш жерлерде эгилген эгиндерге кароолчу дайындоо жөнүндө
Үч-Коргон айыл аймагынын Тегирмеч айылынын дыйкан чарбаларынын мүчөлөрүнүн кылкандуу дан эгиндерин мал-жандыктардан коргоп бериңиздер деп жазган арыздарын канаттандыруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айыл аймагынын Тегирмеч айылынын дыйкан чарба мүчөлөрүнүн элдин үлүш жерлерине эгилген кылкандуу дан эгиндерин мал-жандыктардан коруктап, сактоо үчүн кароолчу дайындалсын.
2. Жусубалиев Абдурашит Аширбаевич Үч-Коргон айыл аймагынын Тактек зонасындагы элдин үлүш жерлерине короолчу болуп дайындалсын.
3. Кароолчунун эмгек акысын дыйкан чарбалардын эсебинин макулдугу менен төлөнүп берилсин.
4. Токтомдун аткарылышы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы О.Шакировго жүктөлсүн.
5. 2021- жылдын 28- октябрындагы №128 Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексиндеги беренелерине ылайык эсептик өлчөмдө айып пул салынсын.
Төрайым
М.Кочконова
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Кодекс Кыргызской Республики о правонарушенияхКодекс · 28.10.2021 · № 128