Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Үч-Коргон айылдык кеңешинин «Үч-Коргон айыл аймагында крайтаану – тарыхый музей уюштуруу жөнүндө» токтому
ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Үч-Коргон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын V сессиясы 2024-жылдын 21-майы № 5/3
Үч-Коргон айыл аймагында крайтаану – тарыхый музей уюштуруу жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы тарыхый баалуу мурастарды сактоо, айыл өкмөтүнүн түптөлүшүнө салымын кошкон атуулдардын эмгектерин эскерүү, келечек муунга айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган улуттардын үрп-адаттарын, каада-салттарын, жарандык патриотизмди, маданий, руханий чөйрөнү өнүктүрүү максатында жана элдин көптөгөн кайрылуусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 24-июль №193 Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндөгү Мыйзамынын 3-глава 13-беренесине ылайык, Үч-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагындагы тарыхый баалуу мурастарды сактоо, айыл өкмөтүнүн түптөлүшүнө салымын кошкон атуулдардын эмгектерин эскерүү, келечек муунга айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган улуттардын урп-адаттарын, каада-салттарын, жарандык патриотизмди, маданий, руханий чөйрөнү өнүктүрүү боюнча крайтаану – тарыхый музейжөнүндөЖобо бекитилсин (жобо тиркелет).
2. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2017-жыл 28-августундагы № 03-12/296-1-б буйругуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
3. Үч-Коргон айыл өкмөтүндө Музейди уюштуруу маселелерин координациялоо боюнча жаңыдан «Жумушчу топ» бекитилсин.
4. Музейди уюштурууга байланыштуу иш-чараларга керектүү акча каражаты менен камсыз кылуу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
5. Айыл аймагындагы мекеме-ишканалардын, мектептердин, балдар бакчалардын жетекчилери музейдин экспонаттарын толуктоо боюнча “Жумушчу топко” жакындан жардам берилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөжагы айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым
М.Кочконова
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Закон «О музеях и Музейном фонде Кыргызской Республики»Закон · 24.07.2015 · № 193